Башкы прокурор былтыр канча адам ак жеринен айыпталганын айтты

Жазылуу
Эки жылдын жыйынтыгы менен 800дөн ашык кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 2018-жылы 37 киши мыйзамсыз жоопко тартылып, алардын 12син камакка алуу чечими чыгарылган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште билдирди.

Учурда Жамшитов ал жетектеген ведомствонун 2018-жылы жасаган иштери тууралуу парламентте отчет берип жатат.

Депутат Мирлан Жээнчороев негизсиз козголгон кылмыш иштеринин санын сурады.

Жамшитов реабилитациялык негиздер менен 2017-жылы 348, 2018-жылы 467, жалпысынан 812 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылганын айтты.

"2018-жылы 37 адам негизсиз жоопкерчиликке тартылган. Ушулардын ичинен 12 адамды камакка алуу боюнча чечим чыккан", — деди ал.

Ал эми эл өкүлү Жээнчороев "Мыйзамды бузган тергөөчүлөр менен опер кызматкерлерине кылмыш иши козголгонбу?" деп суроо салды.

Отчет Генерального прокурора Откурбека Жамшитова в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор камактагы Текебаевге кандай жардам бере турганын айтты
Башкы прокурор бул фактылар боюнча кылмыш иши козголбогонун билдирип, бир гана дисциплинардык жазага тартуу үчүн башка органдарга сунуш берүү менен чектелип жатканын кошумчалады.

Жамшитов ушундай иштерден улам прокуратуранын 6 кызматкери иштен алынып, 11 кызматкер дисциплинардык жоопко тартылганын белгиледи.

"Эски кодексте билип туруп атайын кылмыш ишин козгоо, камоо, жоопко тартуу деген беренелер бар болчу. Жогорудагылар атайын уюштурулбаганы үчүн кылмыш ишин козгоо маселеси каралган эмес", — деди Жамшитов.

Депутат Жээнчороев бул окуяларды анализдеп 37 учур боюнча сөзсүз түрдө укуктук баа берилиши керектигин айтты.

"Укук коргоо органдарына болгон ишенич тууралуу сөз болуп жатат. Тергөөчүлөр менен оперлер одоно мыйзам бузуп, ага мамлекет тапшырып берген тагдырларды одоно бузуп жатса, аларды биринчилерден болуп камаш керек", — деди эл өкүлү.

Башкы прокурор ал жетектеген ведомстводо бул жаатта иштер алып барылып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0