Орун берген соң бир жылмайып кой! Коомдук транспортто жүрүүнүн 9 эрежеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук транспорт күтүп жатан шаар тургундары. Архив
Коомдук транспорт күтүп жатан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургундары Кудайдын куттуу күнү коомдук транспортко түшүп, кээде бирөөнүн же өзүнүн маданиятсыздыгынан маанайы бузулат.

Мындай жагдайга кабылбаш үчүн ар бирибиз тартипти өзүбүздөн башташыбыз керектиги айпаса деле түшүнүктүү.

Андыктан Sputnik Кыргызстан троллейбус, автобус жана маршруткада жүрүү маданияты боюнча айтып берет. Кеңештерди топтоого Бишкек мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгынын адистери жардам берди.

Жол тосуу

Жолду аялдаманын чегинен чыкпай тосуу керек. Айрымдар унаалар зуулдап өтүп жаткан жерге чейин туруп алышат. Бул, биринчиден, жүргүнчүнүн өмүрүнө коркунуч жаратат. Сиз күткөн автобус келди дейли, "эмнеси болсо дагы батып кетейин" деген ойду таштаңыз. Алгач ичинен кишилер түшсүн. Ошондо дагы шашкалактабай, кыз-келин, кары-картаң жана окуучуларды алдыга өткөрүп ийиңиз.

Орун бошотуу

Ресторан института Bocuse в Экюли - Sputnik Кыргызстан
Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш
Муктаж болгон адамга орун бошотуунун дагы эрежеси бар. Алгач ага орун бергени жатканыңызды көз караш же кыймыл-аракет аркылуу түшүндүрүңүз. Ошондон кийин гана сөз менен "Келиңиз, бул жакка отуруп алыңыз" деп айтсаңыз болот. "Кайдан чыга калдың?!" дегенсип кыр көрсөтүп, үн-сөзсүз эле туруп кетүү, өзүңүзгө дагы, отурганы жаткан адамга дагы жагымсыз болот.

Ыраазычылык

Айрым адамдар ага орун бошотуп берүүсүн башка бирөөнүн милдети катары кабыл алып, туруп берген учурда дагы ыраазычылык айтпайт. "Рахмат" деп коюунун эч кыйынчылыгы жок, тескерисинче, көңүл алуунун эң жеңил жолу. Баса, эркек киши анын жубайына, апасына же карындашына орун берген адамга сөзсүз ыраазычылыгын айтышы керек. Бул анын жигиттик сапатынан кабар берет.

Сумка

Коомдук транспортко кирериңиз менен жондогу рюкзакты, ийинге асылган сумканы чечип, колго кармап туруу керек. Ишенип коюңуз, тар жерде бирөө асынып турган рюкзак башкаларга бир топ ыйгайсыздык жаратат.

Өтүнүч

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Бишкектин коомдук транспорт системасы кандай болуп өзгөрүүдө
Автобус, маршруткаларда уктамыш болуп отура берген кыз-жигиттерди көп көрөбүз. Эгер ден соолугуңуз же жаш курагыңыз туруп барууга мүмкүнчүлүк бербесе, ошондой жаштардын жанына туруп алып "тарбия көрбөгөнүн, ыймансыздыгын" айтып күйүп-быша бербей, сылык эле "мага орун бошотуп бересиңби?" деп сураныңыз. Мындай жол менен өзүңүздүн дагы, башкалардын дагы нервин сактап каласыз.

Бала

Дени-карды соо бала 5-6 жашынан эле бир нече аялдамага чейин туруп барса болот. Эгер бөбөктү алдыңызга алып отурсаңыз, буттарын силкилдетпей кармап туруңуз. Анын бут кийиминдеги чаң же кир башкалардын кийимине жугуп, нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн.

Баягы эле тазалык

Тазалык бардык жерде керек. Өзгөчө жалгыз эмес, ондогон, жүздөгөн адамдардын арасында жүргөндө. Башка коомдук жайлардай эле транспортко түшөр алдында тазаланып алыңыз, ооздон жыты буркурап турган тамактардан дагы оолак болгон жакшы. Эң негизгиси, атырды ашыкча куюнуп алуунун зарылдыгы жок. Анткени сизге жаккан жыт баарына бирдей ырахат тартуулай бербейт.

Телефондон жомок айтышкандар

Аэропорттун күтүү залындагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аэропорт — тойкана эмес! Аба майданында жана учакта жүрүү боюнча 10 кеңеш
Кээде маршруткада кыйналып китеп окугандай же тасма көргөндөй болосуң. Анткени жүргүнчүлөрдүн бири телефондун ары жагындагы кишиге акыркы бир аптада башынан эмнелерди кечиргенин төкпөй-чачпай айтып берет. Достор, силердин жеке жашооңор эч кимге кызык эмес. Өзүңөргө деле бейтааныш кишилердин жанында бардык маалыматты "төгүп" берүү ырахат тартуулабаса керек. Ушулардын эле катарында кулакчынын түшүрбөгөндөр бар. Коомдук жайда жүргөндөн кийин жок дегенде бир кулакты бош койгула, бирөө-жарым бир нерсе сурап кайрылышы мүмкүн.

Урушуп кеткендер

Айдоочу менен жүргүнчү айтыша кеткен учурлар аз эмес. Албетте, мындай жагдайда айдоочу кызмат көрсөтүп жаткан адам катары кардарга токтоо мамиле жасап, сылык болушу керек. Бирок жүргүнчү дагы чектен чыкпаганы жакшы. Анткени айдоочу үчүн жолдо толгон-токой стресстик жагдайлар болот. Кыскасы, эки тарап тең бири-бирине түшүнүү менен мамиле жасап, агрессиядан алыс болгону жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0