Азиз Батукаевдин кылмыш иши жанданды, депутат суракка чакырылат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Зарылбек Рысалиев анын Батукаевдин иши боюнча Башкы прокуратурага берген сурамы эмне болуп жатканын сурады.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын Жогорку Кеңеште билдирди.

Учурда ал Башкы прокуратуранын 2018-жылда жасап жаткан иштери боюнча отчет берип жатат.

Депутат Зарылбек Рысалиев анын Батукаевдин иши боюнча Башкы прокуратурага жөнөткөн сурамы эмне болгонуна кызыкты.

Жамшитов өз кезегинде депутаттын сурамы анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

"Батукаевдин иши жанданып, январдан бери сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат", — деди ал.

Рысалиев өзү качан суракка чакырыларын сурады.

"Мени качан чакырышат, качан барам?" — деди эл өкүлү.

Башкы прокурор тергөө органдары депутатты сөзсүз түрдө чакыра турганын, иштер пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Арестованный политик Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор: Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар жок
Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулуп Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн Чечен Руспубликасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0