"Белизгейт" иши боюнча материалдан "жашыруун сыр" деген гриф алына элек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Председателя Госкомитета национальной безопасности
Президент Алмазбек Атамбаев принял Председателя Госкомитета национальной безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жамшитов Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берүүдө.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "Белизгейт" иши боюнча материалдар дагы деле "өтө жашыруун" деген гриф менен турганын айтты.

Учурда ал Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берүүдө.

Депутат Эмил Токтошев "Белизгейт" боюнча иш эмне болуп жатканына кызыкты.

Жамшитов аталган иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.

"Мыйзам боюнча тараптар материал менен таанышканга укугу бар. Эгер кызмат адамдары ар-намысыма шек келтирди деп тапса, сотко кайрыла алат. УКМКдан материалдар келгенде эле "купуя сыр" деген гриф бар болчу. Мыйзам боюнча грифин өздөрү алышы керек", — деди Жамшитов.

Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтерин алганын маалымдаган

Отчет Генерального прокурора Откурбека Жамшитова в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор камактагы Текебаевге кандай жардам бере турганын айтты
Ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%дан ашыгы) сатуудан түшкөн 50 миллион АКШ долларынан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын кызыкдар болгонун тастыктай турганы айтылган.

Атамбаев бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырганы маалым.

Парламенттин жыйынында Сегизбаев кеп "атамекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканын айткан. Өз кезегинде аталган депутаттар күнөөсү жок экенин айтып, мындай аракетти саясий куугунтук катары баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0