Күнүнө канча литр ичүү керек? Суу тууралуу миф жокко чыгарылды

Жазылуу
Адистер 60 жаштан өтүп калгандарга суусабаса дагы эстеген сайын суу же колдо бар башка суусундуктарды ичип турууну сунуштайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Улуу Британиянын Улуттук ден соолук системасынын адистери организмге суунун көп өлчөмдө зарылдыгы тууралуу айрым мифтерди жокко чыгарды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Акыркы жылдары "күнүнө сөзсүз мынча же түкүнчө литр суу ичиш керек" деген "насааттарды" угуп жүрөбүз. Бирок британиялык окумуштуулардын пикиринде бул туура эмес түшүнүк.

"Диетологдор адам күнүнө 6-8 стакан суу ичиш керек деп айтышат. Негизи организм тер катары чыккан суунун ордун толтуруш үчүн суу талап кылат. Өзүңөр элестетип көргүлө, адамдан күнүнө 1,5-2 литр тер чыгып атканын. Организм өзү акылдуу, ага суу керек болгон учурда адам суусайт. Бул кадимки чарчаган, уйку келген сыяктуу эле", — дейт адистер.

Анткен менен окумуштуулар 60 жаштан өтүп калгандарга суусабаса дагы эстеген сайын суу же колдо бар башка суусундуктарды ичип турууну сунуштайт. Муну алар адам карыган сайын суусоо сезими басаңдаары менен түшүндүрөт.

Мындай учурда киши организм суу сурап жатканын сезбей, "каны катып" калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0