Адистер арыктоо үчүн канча убакыт жөө басуу керектигин айтышты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, арыктоо үчүн туура тамактануу жетишсиз.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жөө басуу адамды кыйнабайт жана ашыкча салмактан арылуунун эң сонун ыкмасы экенин "Медикфорум" басылмасы жазды.

Адистердин айтымында, арыктоо үчүн туура тамактануу жетишсиз, кандай гана диета болбосун аны сөзсүз түрдө машыгуу менен толукташ керек.

Ресторанда тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ууланбайм десеңиз... Кафе-ресторанда тамактанууда эмнени эске алуу керек
Ашыкча салмактан арылуу үчүн жеген калория короткон калориядан аз болушу кажет. Мисалы, бир жумада бир килограммга чейин арыктоо үчүн күнүнө 500-1000 калорийге чейин азайтуу керек.

1,6 чакырымды кадимки темп менен басып өткөндө 100 калорий коройт. Эгер темпиңизди бир аз тездетип же өйдөнү көздөй бассаңыз, калория көп кетиресиз. Андыктан ыкчам темп менен 30 мүнөт бассаңыз, 100-300 калорийге чейин кетире аласыз.

Сезилерлик жыйынтык болуш үчүн күнүнө 30 мүнөттөн 90 мүнөткө чейин сейилдөө керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0