17:38 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Мектепте сынак. Архивдик сүрөт

9 жана 11-класстын окуучулары экзаменди качан тапшырат. Күнү жана сабактары

© Sputnik / Денис Абрамов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
40100

Бүтүрүүчүлөрдүн баары милдеттүү түрдө төрт предметтен жана каалоосу боюнча бир сабактан экзамен тапшырат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 9 жана 11-класстын окуучулары үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация качан өтөрүн маалымдады.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү 3-июндан 20-июнга чейин экзамен тапшырат. Эреже боюнча милдеттүү түрдө төрт предметтен жана каалоосу боюнча бир сабактан тапшыруу керек.

  • математика (алгебра жана анализдин башталышы) — жазуу түрүндө;
  • окуган тили боюнча (кыргыз, орус, өзбек, тажик), — эссе;
  • Кыргызстандын тарыхы — оозеки;
  • кыргыз тили (окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргөн мектептер үчүн) же орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргөн мектептер үчүн) — жазуу түрүндөгү комлекстүү тест, ага грамматика жана лексиканы текшерүү, текстти окуп түшүнүү камтылат;
  • тандоо боюнча — геометрия, физика, химия, биология, география, чет тили, "адам жана коом"/экономикага киришүү, информатика.

Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендер 3-18-июнь күндөрү өтөт. Алардын да билими төрт сабактан милдеттүү түрдө жана бир каалаган предмети боюнча бааланат.

  • математика (алгебра) — жазуу түрүндө тест;
  • окуган тили (кыргыз, орус, өзбек, тажик) — дилбаяндын элементтери камтылган изложение;
  • Кыргызстандын тарыхы — оозеки;
  • кыргыз тили (окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргөн мектептер үчүн) же орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргөн мектептер үчүн) — жазуу түрүндөгү комлекстүү тест, ага грамматиканы текшерүү, текстти окуп түшүнүү камтылат;
  • тандоо боюнча — геометрия, физика, химия, биология, география, чет тили, "адам жана коом"/экономикага киришүү, информатика.

Мындан тышкары, министрлик 15-24-май күндөрү дене тарбия боюнча зачетторду кабыл алууну тапшырды.

Тема боюнча

Адис ЖРТнын өтүүсүн көзөмөлдөй турган адамга коюлчу талаптарды атады
Белгилер:
бүтүрүүчү, сабак, экзамен

ЭҢ МААНИЛҮҮ