00:51 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Ооруканадагы врач. Архивдик сүрөт

Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
1908 0 0

Бир кездеги балдар реаниматологу бир топ жыл мурун Кыргызстандагы ооруканаларга жаңы эреже киргизилгенин айтып берди. "Ал катачылык бизге оор азап тарттырды, балдардын өлүмү кескин өстү", — деп моюнга алат мурдагы доктур.

Бул айым маек куруудан көпкө баш тартып жүрдү. Балдар реанимациясынан иштен кеткенине көп убакыт өтсө да, ооруканадагы турмуштун купуя тараптарынан сөз козгогусу келген жок. Акыры журналисттин суроолоруна жооп берүүгө макул болуп, бирок купуялуулук сакталсын деген шарт койду.

— Эмнеге ишиңизди таштап салдыңыз эле?

— Сөздүн ачыгы, ушунчалык жадап бүттүм. Адамдар дайыма коркутуп, прокуратурага үстүңдөн тынбай арыз жаза берсе, кантип иштей аласың? Медиктер  калкты атайын өлтүрүп жаткандай ойлошот. Чынын айтсам, жаштар эмнеге ооруканага ишке орношорун түшүнбөйм, маяна да жарытарлык эмес, адамгерчилик деген такыр эле жок...

Болбосо, мен кесибимди аябай сүйчүмүн! Он жыл реанимацияда медайым болуп, кийин врач-реаниматолог болуп иштедим. Наристени ажалдан арачалап аман алып калганың бөтөнчө бир нерсе... Кудай менен ойноп жаткандай эле болосуң...

— Эмнеге кыргызстандыктар врачтарга начар мамиле жасашат?

— Курманбек Бакиевдин "медиктердин баары жемкор, алардын үстүнөн арыз жазыш керек" дегени эсиңиздердеби? Анан айрымдарга Кудай бербедиби, биз балээге кабылдык да калдык, врач аялбы, эркекпи, эч карабай сабап киришчү болушту, өмүрлөрүнө кол салышты.

Бир учур тууралуу айтып берейин. Кабинетимдин каалгасын бир жаш жигит тээп кирди да документин көргөзөт. "Депутаттын жардамчысымын, тууганым ушул ооруканада" деп бир тийди. Ага: "Жардамчыбы? Эмне экен? Мен президенттин небересимин, документимди көрсөтөйүнбү?" дедим. Эсине келе түштү окшойт, "эже, кечирип коюңуз, сизге катуу айтайын дегеним жок" деди. Көрсө, ал жигит бейтаптын айылдашы экен. Негизи врачтар бейтап тууралуу анын ата-энеси, жолдошу же аялына гана маалымат берет. Чоң апа, чоң ата, таеже, таекелер бул тизмеге кирбейт.

— Көп врачтар дарылоо протоколдору боюнча нааразычылыктарын билдирет, бирок эч бири ачык айтып чыкпайт...

— Бул өтө оор тема. Бейтапты жеке дарылоо протоколдорун пайдалануу туурасында сөз да жок, баарын сөзсүз түрдө нускама боюнча дарылоо зарыл. Кимдир бирөөгө туура келбесе да тартип ошондой. Врач өз дарылоо ыкмасын жазса, Саламаттык сактоо министрлигинен аткаминерлер келип, аны дароо өзүм билемдик кылдың деп айыптайт.

Балким терапевттер үчүн кандайдыр бир деңгээлде андай туура келер, бирок реаниматологдорго протоколдор таптакыр ылайыксыз, баарын бир ыкма менен дарылоого болбойт. Алар бизге 20 жылдай мурун киргизилген, азабын бейтаптар тартты. Мурда биздин бөлүмдө бир айда 2-3 баланын өмүрүн сактай албай калчу болсок, протоколдор киргизилгени 20 кишиден ашты!

Өлүм көбөйсө да эмнегедир ал система иштей берди, бирок жетекчилик: "Мурда кандай дарылап келсеңер, ошондой уланткыла, болгону кагаздар протокол боюнча толтурулсун" — деп буюрду. Көйгөйдүн баары "мурдагыдай дарылаган" врачтардын убагы өтүп, алар акырындап ардактуу эс алууга чыгып жатканында болду!

— Бирок сиз айтып жаткан эреже Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) стандарттары эмеспи! Мындай салабаттуу уюм жаман нерсени кеңеш кылбайт го дейм...

— Мында бир урунттуу учур бар, бүт дүйнөдө ДССУнун көрсөтмөлөрү кеңеш катары берилет. Муну эске алуу зарыл. Медицина жогору өнүккөн өлкөлөрдө врач бейтапка зарыл дарылоону белгилейт. Ал жакта да белгилүү бир эрежелер бар, бирок ар дайым жеке ыкмага артыкчылык берилет.

Бизде аткаминерлер медицинадан түшүнүгү жок эмеспи. Алар эмнегедир ДССУ атамекендик врачтарга караганда жакшы билет деп чечип, протоколдордун баарын милдеттүү кылган.

— Протоколдорго кыргызстандык врачтардын көпчүлүгү нааразы экенин кайталайын. Бирок эмнеликтен алар ачык каршы чыгышпайт?

— Убагында биз да ооз ачканга аракет кылдык, бирок аягы жакшы бүткөн жок. Дароо токтотушту бизди. Медиктер көз каранды адамдар, эч бири жумушунан кол жуугусу келбейт.

Дегеле медицинабыз эгемендүүлүк алгандан бери урап келе жатат. 1990-жылдары жогорку кызматтагы аткаминерлер чет өлкөгө көп чыгып, аларда кандай экендигин көрүп келишчү. Реформаларга укмуштай акча сарпталган, бирок саламаттык сактоонун советтик тутуму мыкты эле, муну батыштын врачтары да моюнга алат.

Эсиңиздерде болсо, мурда балдар жана чоңдор үчүн бейтапканалар иштечү. Андай нерсе тегин жерден түзүлгөн эмес. Маселен, балдар бейтапканаларында "дени сак наристе күнү" өткөрүлчү. Энелер балдарын белгиленген кароого алып келип, эмдөөсүн алып, башка бейтаптар менен бет келишчү эмес. Ал эми бүгүн сак-саламат бала кадимки эмдөө алуу үчүн эле далистен жөтөлгөн, чүчкүргөн чоң кишилердин жанынан өтүүгө аргасыз. Эмдөө алдында бала кандайдыр бир вирусту жуктуруп алышы толук ыктымал!

— Кесепети оорбу?

— Жок, бирок эмдөөдөн кийинки убак оор өтөт. Негизи, эмдөөгө кандайдыр бир реакция болот, эти ысыйт, табы жок болуп көңүлү айныйт. Бул иммундук тутум жанданып, организм иштей баштаганын билдирет.

— Оор залалдарычы? Мисалы, айрым аутист балдардын энелери дал ушул эмдөөдөн кийин оору пайда болгонун айтышат.

— Жок. Аутизм тукум куучулук менен шартталган, карындагы кезде баш мээнин жабыркашынан улам жаралат, мында эмдөөнүн эч тиешеси жок. Болгону ал симптомдорун ачыктайт. Аутизм адатта үч жашка чейинки балдарда өрчүйт, алар эмдөөнүн басымдуу бөлүгүн дал ушул куракта алышат.

Эмдетүү өтө зарыл. Азыр кызылчанын пандемиясы жүрөрүнөн кабарыңыз барбы? Өлүмгө алып келчү бул жугуштуу оору бүт дүйнөгө тарап, Кыргызстанга чейин келди. Мунун баары эмдөөдөн баш тартуунун кесепетинен.

— Өткөндө эле бир америкалык сериал көрдүм. Анда бир секелек кыз кызылчадан каза табат. Абдан жакшы жабдылган ооруканада жатты, учурга бап дары-дармектерге жете алган тажрыйбалуу врачтар айланчыктап турду, бирок кыз жашап кете алган жок...

— Тилекке каршы, кызылча өлүмгө алып келет. Көк жөтөл, дифтерия сымал эле бул оорулардын алдында кээде медицина алсыз.

— Азыр кыргызстандыктарга ооруканадан маркумдун сөөгүн сойдурбай алып кетүүгө уруксат бар...

— Динге берилүү күчөй бштаганын түшүнөм, бирок баары бир Кыргызстан — мусулмандык эмес, светтик мамлекет. Албетте, жакынынын союлушун эч ким каалабайт, бирок ушул нерсе гана соңку диагнозду коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Мурда ооруканада үзүлгөндөрдүн баарынын сөөгү союлчу, врачтар ага сөзсүз катышчу. Биз көз жумган бейтаптын сөөгүн тегеректеп турчубуз, патологоанатом бизге дарылоодо кандай катачылык кетти, диагноз алмашып калган жокпу, айтор, баарын кылдат түшүндүрчү. Бул медиктерди окутуунун бир ыкмасы! Бейтабынын өмүрүн сактай албай калган врач дайым өзүн жейт, эмнеден ката кетирдим деп санаага батат. Мурда биз мындай нерсеге жооп ала алчубуз, тирүүлөрдүн эмес, маркумдардын сөөгүн изилдеп үйрөнчүбүз. Азыр доктурлар эмнеден ката кеткенин да билбей калышат. Айтмакчы, студенттер да адамдын анатомиясын сүрөттөр боюнча эмес, сөөктү карап үйрөнүүсү керек. Болочок дарыгерлер инфаркт же мээге кан куюлуп кеткенин өз көздөрү менен көрүүгө тийиш.

Медициналык окуу жайдын окутуучусу менен сүйлөшүп калдым бир ирет. "Кокуй заман болду! Мейли, эгер кеп терапевттер жөнүндө болсо, бир жөн. Бирок биз хирургдарды даярдап жатпайбызбы! Албетте, алар кийин баарын үйрөнүп алышат, бирок эң кейиштүүсү, алар бейтаптарды дарылап жатып гана өздөштүрүшөт" дейт. Врач тынымсыз окуп туруусу шарт. Азыр билимин өркүндөтүү курстарында баягы эле кишилер ошол эле программа менен дарс окуй беришет. Ошол билимин жогорулатуу деп саналабы? Бул тек гана эптемей.

— Ошентсе да Кыргызстанда лабораториялар, ар кыл медициналык техника арбыды. Техникалык өсүш кырдаалды жакшырта албайбы?

— Прогресс — бул жакшы жышаан, бирок үч башка лабораториядан кан тапшырып көргүлө, үч бөлөк жыйынтык чыгат. Анализдин аныктыгы аппаратуранын өлчөмүнө жараша, башкача айтканда, техниканы мыкты адис тескөөгө тийиш. Жакшы доктурсуз андай техникадан пайда жок.

Мисал келтирейин, лямблия бар-жогун аныктоо үчүн киши кан тапшырат, булар ичеги-карында байырлаган эң жөнөкөй мителер. Бар деп аныкталары толук мүмкүн. Врач аны көрүп, күчтүү дарыларды жазат. Бирок көпчүлүк кыргызстандыктардын канында лямблияларга антителолордун аныкталышы сизде лямблиоз табылганын, аны дарылоо керектигин туюндурбайт. Диагноз дуоденалдык зонддоо же заңды лямблия жана цисталарга текшерүү менен гана аныкталат.

— Врачтар көпчүлүк учурда бейтаптын жакындарынан кайсы бир дары-дармекти сатып келүүнү өтүнөт. Бул эмнеге биз сатып келишибиз керек, мамлекеттик оорукана баарын бекер берүүгө тийиш эмеспи деген нааразычылыктарды, ал тургай, кыжырданууну жаратат...

— Оорукана эң зарыл дары-дармектерди, анан да эң арзандарын гана сатып алат. Эгер кымбат дары сатып алынса, башкы врачты жазалашат. Чектөө бар, андан ашырууга болбойт.

— Кыргызстанда бир окуя болгон, секелек кыз колун сындырып алат, чоң апасы врачка алпарыштын ордуна сыныкка элдик ыкма менен ылай, дагы болбогон бир нерселерди сүйкөйт. Кыздын абалы оорлоп, акыры ооруканага жөнөшөт. Бирок баары кеч, наристе чарчап калат. Чоң апасы небересинин өлүмүнө доктурларды айыптайт, элдин баары врачтарды каргап-шилейт.

— Келгиле, медиктердин жарымын атып, жарымын каматалы. Анда сиздерди ким дарылайт? Жаштардан ким медициналык окуу жайга тапшырууга батына алат?

Өткөндө бир жогорку кызматтагы айымдын билдирүүсүн окудум, врачтарга ишенбөөгө үндөйт. Эгер кайнак суу баарынан куткарса, С гепатити менен ооругандарга дарынын кереги не дейт. Ал айым аялдарды төрөт үйүндө эмес, боз үйдө көз жарууга чакырды. Анда эле жакшы эмеспи, врачтардан арылып, эмчи-домчу, бакшыларга кайрылып айыгабыз!

Бизге өлүм алдындагы балдарды көп алып келишчү. Ата-энелер бала бир апта мурун ооруп калып, молдого алпарышканын айтышчу. Ал убакытты создуктура берген, ал эми баланын оорусу өтүшүп кеткенде акыры стационарга түшөт. Ата-энелер өздөрүнөн да, молдодон да күнөө издебейт. "Силер өлтүрдүңөр менин баламды!" — деп кыйкырышат бизге. Биз өлтүрдүкпү? Эгер беш күн мурда дароо бизге алып келишкенде, бала тирүү калмак. Биздин өлкөдө ата-энелер мындай кылыгы үчүн эч кандай жоопко тартылбагандыгы өкүнүчтүү...

— Кесиптик катачылык кетирген врачты жазалоо керекпи?

— Ооба, бирок дал ошол ката өлүмгө алып келгени далилдениши кажет. Мисалы, хирург байкабай чоң тамырды кесип алат, кан токтобой, бейтап көз жумат. Көп учурларда медицина да алсыз, ал эми врачтар Кудай эмес экенин унутпаш керек.

Даңазалуу хирург Эрнст Акрамовдун маегине да бир көз жүгүртүңүз. Ал оюн түз жана тике айткандан артка кайтпайт.

Тема боюнча

Баткенде эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн окуучулардын абалы айтылды
Чарчайсың, тилиң буулат... Мээ рагынын алгачкы белгилери
Белгилер:
бейтап, өлүм, протокол, медицина, оорукана, дарыгер

ЭҢ МААНИЛҮҮ