Кантта баланы уурдагандар күнөөсүн моюндап, эки айга камакка алынды

Жазылуу
Шектүүлөр райондук соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кантта баланы уурдады деп шектелип жаткан кишилер эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Башына кап кийгизип... Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башына кап кийгизип... Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу айтып берди. Видео
Анын айтымында, мындай чечимди Ысык-Ата районунун соту кабыл алган. Айыпталып жаткан эки киши күнөөсүн моюндаган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 09:00дөр чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынан Данил Браилкин аттуу баланы уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн ким экенин такташып, коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш ишин жасашкандарды кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0