Бабановду колдоо үчүн митинг өтө турчу жерлерде эмне болду. Сүрөт

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в местах были запланированы митинги
Ситуация в местах были запланированы митинги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабановду колдоо митинги Бишкекте, Таласта, Караколдо жана Нарында болмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги митинг өткөрүү пландалган жерлерде учурда эмне болуп жатканын билип көрдү.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы төрт шаарда мурдагы депутат Өмүрбек Бабановду колдоо боюнча митинг өткөрүлмөк. Бирок 14:00дөн 15:00гө чейинки убакытта топтолгон эл байкалбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары билдирди.

Митинг саат 14:00дө башталмак. Бирок 13-апрелде абал өзгөрүп, Бабанов Кыргызстанга келбей турганын, аны колдогон митингдерди өткөрбөөнү суранган. Өз кезегинде ИИМ дагы чагымчыл күчтөр башаламандык уюштуруп кетиши ыктымалдыгын эскертип, эгер андай нерсе болсо, митингдин уюштуруучулары менен демилгечилери жоопко тартыла турганын билдирген. Кийин "Республика" партиясы пландалган бардык иш-чаралар токтотулганын маалымдаган.

Бишкекте саясатчыны колдогон тынчтык  митингин эски аянтта өткөрүү пландалган. Бирок сот ага уруксат бербей, Максим Горький атындагы паркта өткөрүүнү сунуштаган. Анткен менен Бабановдун тарапташтары митингди кандай болсо да өкмөт үйүнүн алдында өткөрө турганын айтышкан.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЭски аянтта, саат 15:40ка алганда абал тынч
Бабановду колдоо үчүн митинг өтө турчу жерлерде эмне болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эски аянтта, саат 15:40ка алганда абал тынч

Эски аянтта саат 15:40ка алганда абал тынч. Ал жакта эртең менен ден соолук күнүн утурлай атайын иш-чара өткөн. Азыр аянтка коюлган атайын сахна жана башка нерселер алынып, иретке келтирилүүдө.

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в местах были запланированы митинги
Таласта да борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынып, иш чараны шаардык стадиондо өткөрүү сунушталган - Sputnik Кыргызстан
1/4
Таласта да борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынып, иш чараны шаардык стадиондо өткөрүү сунушталган
© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в местах были запланированы митинги
Шаардын борбордук аянтында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мал доктурларга мотоцикл тапшырды - Sputnik Кыргызстан
2/4
Шаардын борбордук аянтында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мал доктурларга мотоцикл тапшырды
© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в местах были запланированы митинги
Ал эми стадионго болгону эки аял келген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал эми стадионго болгону эки аял келген
© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в местах были запланированы митинги
Алар кабарчыдан Бабанов келбей турганын билгенден кийин пикеттин уюштуруучуларына чалышканда уюштуруучулар да тастыктаган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Алар кабарчыдан Бабанов келбей турганын билгенден кийин пикеттин уюштуруучуларына чалышканда уюштуруучулар да тастыктаган.
1/4
Таласта да борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынып, иш чараны шаардык стадиондо өткөрүү сунушталган
2/4
Шаардын борбордук аянтында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мал доктурларга мотоцикл тапшырды
3/4
Ал эми стадионго болгону эки аял келген
4/4
Алар кабарчыдан Бабанов келбей турганын билгенден кийин пикеттин уюштуруучуларына чалышканда уюштуруучулар да тастыктаган.

Таласта да борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынып, иш-чараны шаардык стадиондо өткөрүү сунушталган. Эки жерде тең чогулган кишилер жок. Шаардын борбордук аянтында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мал доктурларга мотоцикл тапшырды. Ал эми стадионго болгону эки аял келген. Алар кабарчыдан Бабанов келбей турганын билгенден кийин пикеттин уюштуруучуларына чалышканда уюштуруучулар да тастыктаган.

© © SputnikКараколдогу абал да ушундай эле. Аянтта да, стадиондо да чогулган кишилер жок.
Бабановду колдоо үчүн митинг өтө турчу жерлерде эмне болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу абал да ушундай эле. Аянтта да, стадиондо да чогулган кишилер жок.

Караколдогу абал да ушундай эле. Аянтта да, стадиондо да чогулган кишилер жок.

Нарында митингге чыгам дегендерге аянтта чогулууга уруксат берилген. Бирок ал жакта да эч ким чогулган эмес. Ошентсе да жергиликтүү тургундардын айтымында, аянтта Тез жардам машинасы менен милициянын автоунаасы турганын көрүшкөн.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Бабановдун митинги боюнча тарапташтарына эскертүү берди
УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе "мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын" эске салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0