Орундуктун артына жашынып качып өтөм деген аял чек арадан кармалды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАвтоунааны текшерип жаткан чек ара кызматкери. Архив
Автоунааны текшерип жаткан чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот аялга Кыргызстандын аймагынан чыкпоого чечим чыгарган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Таластагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайынан бүгүн чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан аял кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.

Передача черепах и змей от Центра передержки Департамента природопользования Московскому зоопарку - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 131 ташбаканы чемоданга салып бараткан жаран кармалды. Сүрөт
48 жаштагы аял Toyota Estima автоунаасындагы орундуктун артына жашырынып алып чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок чек арачылар текшерип жатканда таап алышкан. Тактай келгенде ага сот Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салгандыгы анык болду.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаранды УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0