Иштесе болот турбайбы! Министрликтердин сайттарына "жан" кирди

Жазылуу
Кыргызстанда 12 министрлик бар. Алардын жасаган иши туурасында коомчулукка маалымат берип турган сайттары кандай иштерине бир жыл мурда мониторинг жүргүзгөнбүз.

Ал учурда көпчүлүгүнүн сайттары башаламан эле. Бири жыл бою жаңыланбаса, экинчиси таптакыр кыргызча жазчу эмес. Ал тургай, иштебегендери дагы бар болчу.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан бир жылдан кийин ошол эле сайттар канчалык өзгөргөнүн текшерип көрүүнү чечти. Анын үсүтүнө "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылында өкмөттүн өзүнүн сайттары иштебей турса болбойт го.

Тышкы иштер министрлиги

Айыл чарба министри чириген картошка алгандан кийин эмне кылган? Жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министри чириген картошка алгандан кийин эмне кылган? Жообу видеодо
Тышкы иштер министрлигинин сайтына маалыматтар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жайгаштырылат. Акыркы жаңылык 11-апрелде чыккан. Facebook, Twitter, Youtube баракчалары активдүү иштейт. Баса, ТИМ Кыргызстанда мамлекеттик органдардан биринчилерден болуп Facebook баракчасын аталган компаниядан расмий каттоодон өткөргөн. Министрликтин бул жаатта дагы бир жетишкендиги — бир нече күн мурда чет өлкөлөрдөгү 37 элчилик менен консулдуктардын сайттарын негизги порталына бириктирди. Эми сыртта жүргөн мекендештер өздөрүн кызыктырган суроолорго бардык жоопторду бир гана сайттан ала алат.

Ички иштер министрлиги

КР ИИМинин сайтына маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Министрликтин жетекчилиги, анын орун басарлары, түзүмү, иш кагаздары тууралуу маалымат издеген окурман бардык материалдарды эки тилде тең таба алат. Баса, бул сайтта КРдин гимнинин тексти дагы бар экен. Акыркы жаңылык 13-апрелде жарыяланды.

Юстиция министрлиги

Сайтка  материалдар кыргыз, орус тилдеринде жайгаштырылат. Англис тили көрсөтүлгөнү менен дээрлик маалымат табылбайт. Акыркы жаңылык 11-апрелде илинген. Сайттан министр жөнүндө, документтер, эки тилде тең чыккан маалым каттардын үлгүлөрүн окуй аласыз. Жеке ишкерлик баштагысы келгендер үчүн ишканасын каттоодон өткөрүүгө керектүү документтердин тизмеси, арыздардын үлгүсү көрсөтүлгөн. Facebook, Instagram тармагындагы расмий баракчаларын активдүү алып барышат. Ал эми Youtube каналына акыркы видео 5-мартта жүктөлгөн.

Финансы министрлиги

Өлкөнүн негизги эсеп-кысапчыларынын сайтына жаңылыктар мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланат. Акыркы жолу 11-апрель күнү чыккан. Бул сайтка баш баксаңыз, бюджет тууралуу айтылган бөлүмүндө маалыматтар эски экенин байкайсыз. Ал эми мамлекеттик карыз, андан кантип кутулуп жатканыбыз жөнүндө жаңы маалыматтарды тапса болот. Facebook тармагындагы баракчасына 16-марттан бери жаңылык жүктөлө элек.

Экономика министрлиги

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров  - Sputnik Кыргызстан
Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек
Бир жыл мурда министрликтин сайтындагы маалыматтар орус тилинде гана жайгаштырылчу. Агезде маалымат кызматы сайттын кыргыз тилиндеги вариантын даярдап жатканын айткан. Чындап эле азыр кыргыз, орус жана англис тилинде иштээри көрсөтүлгөн. Бирок чет тилинде толук кандуу маалымат ала албайсыз. Былтыр социалдык тармактардагы баракчалары дагы активдүү эмес эле. Бүгүнкү күндө Facebook, Twitter баракчаларына жаңылыктар байма-бай жарыяланып турат. Ал эми Youtube каналына акыркы видео эки күн мурда киргизилген.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Мурда кыргызча бөлүмүнөн орус тилиндеги жаңылыктар дагы кезигип калчу. Быйыл мындай көрүнүштөр байкалбайт. Маалымат кызматтан билдиришкендей, аптанын аягына чейин сайттын жаңыланган варианты ишке кирет. Анда фермерлер ведомство менен түз байланышуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болору айтылды. Ошондой эле көзүнүн көрүүсү начар колдонуучулар үчүн ыңгайлуу функциялар киргизилээри кошумчаланды.

Транспорт жана жолдор министрлиги

Былтыр кыргыз тилинде чанда жазган министрликтин сайты быйыл эки тилде тең иштей баштаптыр. Англисче бөлүмү дагы көрсөтүлгөн. Бирок ага өтө албайсың. Болгону "тендер" бөлүмүндө айрым учурда англис тилиндеги маалыматтар жарыяланып калат. Соодалашууга чакыруулар чет элдиктер үчүн кенен жана түшүнүктүү жазылган. Сайтта социалдык тармактардагы дареги көрсөтүлгөн эмес, бирок Facebook баракчасы активдүү иштейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлиги Facebook баракчасындагы мыкты постторго сынак жарыялады
ӨКМдин сайты ушул тапта ачылбай жатат. Билгендер болсо, анда Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин эки тарабындагы жолдун абалын онлайн режимде карап туруу мүмкүнчүлүгү бар. Маалымат кызматтан түшүндүрүшкөндөй, дал ушул функция жаңыланып жатыптыр. Андыктан сайтка келерки жуманын башында гана кире алат экенбиз. Негизи сайт орус жана кыргыз тилиндеги жаңылыктар менен бат-баттан толукталып турат. Англис тилинде да учкай маалыматтар бар, бирок акыркысы былтыркы жылдын май айында жарыяланган. Азыр Facebook, Twitter жана Youtube баракчалары активдүү.

Билим берүү жана илим министрлиги

Бул сайтта да кыргыз жана орус бөлүмдөрү бар. Бирок кыргызча бөлүмүндө маалыматтык базанын басымдуу бөлүгү кыргыз тилине которулган эмес, тагыраагы, орусча жазылган. Акыркы ирет сайт 11-апрелде жаңыланды. Facebook жана Twitter баракчалары активдүү. YouТube каналына акыркы видео үч апта мурда жүктөлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги

Маалыматтар кыргыз жана орус тилинде жайгаштырылат. Негизинен маалыматтык база жана документтер расмий тилде. Орусча бөлүмүндө жаңылыктар көбүрөөк жаңыланат. Социалдык тармактан окуйм десеңиз, Facebook жана Instagram баракчаларын караңыз.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Калп детекторунан өтүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку кызматта иштечүлөр калп детекторунан өтөт. Кадр кызматынан репортаж
Былтыр бул сайт дээрлик бир жылга жаңыланбай калганын байкаганбыз. Азыр абал бир аз жөнгө салынган. Кыргыз жана орус тилинде жаңылыктар жаңыланып турат. Мисалы, акыркы жаңылык 12-апрелде жарык көргөн. Бирок кыргыз жана орус тилиндеги жаңылыктар "аралашып" кетет. Англисче бөлүмүнө кирген чет элдиктер аз болсо дагы маалымат ала алат. Facebook тармагындагы баракчасы активдүү. Министрликтин маалымат кызматы сайт жаңылануу этабынан өтүп жатканын айтты.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Ведомствонун сайты өткөн аптада эле жаңыланып бүттү. Жаңы интерфейс карапайым калк үчүн бир топ ыңгайлуу болуп калыптыр. Мисалы, бир эле "басуу" менен жөлөк пулга арыз же кызматкерге кайрылуу таштап койсо болот. Жаңыланган сайтта социалдык тармактардагы даректер жана кайрылуулар үчүн WhatsApp каналдын номери пайда болду. Бирок YouTube каналына кирүү мүмкүн болбой жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0