Байге фонду 192 миң сом! Бишкекте дем алыш күнү жарым марафон өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПолумарафон "Мол булак куз деми — 2017" в Бишкеке
Полумарафон Мол булак куз деми — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 1500 адам катышат. Арасында профессионалдар, ышкыбоздор дагы бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүн утурлай борбордо "Жаз Деми" аталышындагы массалык жарым марафон өтөрүн шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара 14-апрелде саат 9:30да "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде башталат. Катышуучулар жылдагыдай эле "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо чуркашат. Старт менен финиш "Аска-Ташта" белгиленген. Иш-чарадан түшкөн каражат көзү начар көргөндөргө таяк алып берүүгө жумшалат.

"5, 10 жана 21 чакырым дистанциялары пландалган. Балдар үчүн өзүнчө чуркоо каралган. Катышуучулар "Аска-Таш" комплексинен баштап чуркайт. Байге фонду 192 миң сом. Жалпысынан 1500 адам катышат. Арасында профессионалдар, ышкыбоздор дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Спорттук иш-чаранын катышуучулары менен көрүүчүлөрү концерттик программага күбө болуп, белек-бечкектерди ала алышат.

Мелдештин программасы:

— 7:50 - 8:20 – катышуучулардын чогулуп келиши;

— 8:20 - 8:30 – иш-чаранын ачылышы жана саламдашуу;

— 8:30 - 8:40 – катышуучулар үчүн брифинг;

— 8:40 - 8:50 – денени жибитүү;

— 8:50 - 9:20 – балдардын 100, 300 жана 500 метрге чуркоосу;

— 9:30 - катышуучулардын 21 чакырымга чуркашы;

— 9:35 - катышуучулардын 10 чакырымга чуркашы;

— 9:40 - катышуучулардын 5 чакырымга чуркашы;

— 12:00-14:00 – жеңүүчүлөр менен байге ээлерин сыйлоо;

— 14:00 - спорттук иш-чаранын жабылышы.

Марафондун маалыматтык өнөктөшү — Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу. Иш-чаранын уюштуруучулары шаардык муниципалитет менен "Номад Спорт" фонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0