БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүн утурлай борбордо "Жаз Деми" аталышындагы массалык жарым марафон өтөрүн шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чара 14-апрелде саат 9:30да "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде башталат. Катышуучулар жылдагыдай эле "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо чуркашат. Старт менен финиш "Аска-Ташта" белгиленген. Иш-чарадан түшкөн каражат көзү начар көргөндөргө таяк алып берүүгө жумшалат.
"5, 10 жана 21 чакырым дистанциялары пландалган. Балдар үчүн өзүнчө чуркоо каралган. Катышуучулар "Аска-Таш" комплексинен баштап чуркайт. Байге фонду 192 миң сом. Жалпысынан 1500 адам катышат. Арасында профессионалдар, ышкыбоздор дагы бар", — деп айтылат маалыматта.
Спорттук иш-чаранын катышуучулары менен көрүүчүлөрү концерттик программага күбө болуп, белек-бечкектерди ала алышат.
Мелдештин программасы:
— 7:50 - 8:20 – катышуучулардын чогулуп келиши;
— 8:20 - 8:30 – иш-чаранын ачылышы жана саламдашуу;
— 8:30 - 8:40 – катышуучулар үчүн брифинг;
— 8:40 - 8:50 – денени жибитүү;
— 8:50 - 9:20 – балдардын 100, 300 жана 500 метрге чуркоосу;
— 9:30 - катышуучулардын 21 чакырымга чуркашы;
— 9:35 - катышуучулардын 10 чакырымга чуркашы;
— 9:40 - катышуучулардын 5 чакырымга чуркашы;
— 12:00-14:00 – жеңүүчүлөр менен байге ээлерин сыйлоо;
— 14:00 - спорттук иш-чаранын жабылышы.
Марафондун маалыматтык өнөктөшү — Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу. Иш-чаранын уюштуруучулары шаардык муниципалитет менен "Номад Спорт" фонду.