Бабанов Кыргызстанга келбей калышы мүмкүнбү? Казакбаевдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив
ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калышы мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik.  "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактардагы тынчтык митингдери жана саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келиши боюнча маалымат берди.

Казакбаев социалдык тармактарда эртең, 13-апрелде, Бабанов келбей калышы мүмкүн деп айтылып жаткан кептерди четке какты. 

"Бизде Өмүрбек Токтогулович келбейт деген маалымат жок. Эртең аны тосуп алууга даярданып жатабыз. Биринчи Май райондук соту Бишкектеги митингди чектептир. Бул боюнча азыр Жогорку сотко даттануу жиберебиз. Таласта дагы мэрия катка жооп берип, аянтта митинг өткөрүүгө каршы чыкты. Ал кат мыйзамдуу эмес, бизге соттун чечими керек. Караколдо дагы ушундай болуп жатат. Ал эми Нарын мэриясына, ШИИБге ыраазычылык билдиребиз. Алар уруксат берип, учурда уюштуруу иштери каралууда", — деди Казакбаев.

Республика — Ата Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бабанов: жакында Кыргызстанга кайтып келем, мени "качты" дегендерге жообум бар
Ошондой эле ал катты мэрияга мурда эле берип, уюштуруу жүрүп жатканын, соңку эки күндө бут тосуулар башталганын белгиледи.

Буга чейин "Республика" партиясы 13-апрелде Бишкектин эски аянтында саат 14.00дөн 20.00гө чейин 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүү үчүн мэрияга кат жолдогон. Андан соң Биринчи Май райондук акимиаты митинг өткөрө турган жерди чектөөнү суранып сотко кайрылганда канааттандырган. Бабанов өзү Москвадан ушул күнү саат 14.50дө учуп келерин жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0