Депутат бирден көп үйгө ээлик кылгандарга башка салык салууну сунуштады

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүПродажа недвижимости в РФ
Продажа недвижимости в РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Германияда экинчи турак жайы барларга башкача салык салынарын мисал келтирди.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Кыргызстанда бирден көп турак жайга ээлик кылгандарга башка салык киргизүү керектигин парламентте айтты.

Бүгүн, 12-апрелде, өкмөт Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга жасаган иштери боюнча отчет берип жатат.

Эл өкүлү Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Теңизбек Абжапаровга кайрылып, салык боюнча мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңешке келип, бирок бир-эки добуш жетпей калып кайра артка кайтарылганын айтты.

"Германияда экинчи турак жайың болсо, салыктын башка түрү салынат экен. Биз да ошондой нерсени киргизишибиз керек. Бир адамдын башында ондогон, жүздөгөн батирлер бар, өзүңөр көрүп турасыңар", — деди депутат.

Калькулятордо турган оюнчук үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кандай батирлер арзандады? Кыймылсыз мүлк рыногуна саресеп
Алимбеков артка кайтарылган мыйзам долбоорун тезинен алып келүүнү, аны колдоп беришерин билдирди.

"Колдоп беребиз. Каршы чыккандар болсо, алар кимдер экенин элге жарыялайбыз", — деди ал.

Депутат, мындан сырткары, кыймылдаткычынын көлөмү чоң болгон жаңы автоунааларга да салыкты көтөрүү керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0