Кыргызстанда "туристтин паспорту" пайда болот. Анын кандай зарылдыгы бар

© Фото / Геннадий ЗакировТуристтер. Архив
Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөгө кирип келе жаткан турист паспортту көзөмөл-өткөрүү пунктунан алат. Андагы QR-кодду мобилдик телефон аркылуу сканерден өткөрүп, Туристтик маалымат борборуна катталат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жакында International Travel ID (туристтин паспорту) деп аталган документ пайда болот. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфирине Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Өлкөгө кирип келе жаткан турист паспортту көзөмөл-өткөрүү пунктунан алат. Андагы QR-кодду мобилдик телефон аркылуу сканерден өткөрүп, Туристтик маалымат борборуна катталат. Ошол замат чет элдик конокко Кыргызстан тууралуу маалымат берилет.

Департамент жектекчиси паспорттун эскизин социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Анын айтымында, турист бул карта аркылуу туристтик операторлор, мейманканалар, ресторандар, такси жана банктар тууралуу маалымат ала алат.

Ошондой эле турист өмүрүнө коркунуч жаралган учурда ыкчам кызматтарга кабар берсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0