Кантта Данилди уурдагандарды кантип табышты? Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
Кант шаарында кечээ, 11-апрелде, эртең менен мектепте бара жаткан өспүрүмдү белгисиз бирөөлөр элдин көзүнчө, Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Чүй облустук милициянын маалымат кызматы Кант шаарында 12 жаштагы Данилди уурдоого шектелген эки жаран кантип кармалганы боюнча маалымат берди.

Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу  - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу
Эскерте кетсек, кечээ, 11-апрелде, эртең менен мектепте бара жаткан 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар элдин көзүнчө, Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталып 170-берене ("Адам уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Уурдалган өспүрүм ушул эле күнү кечинде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорама аймагындагы гараждардын бириндеги жер төлөдөн табылып, шектүү делип эки киши кармалган. Милициянын атайын даярдыктагы кызматы (СОБР) баланы жер төлөдөн чыгып жаткан учурун видеого тартып алышкан.

"Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы жана Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери бала уурдалган аймактагы бүт видео байкоолорду карап чыкты. Анын натыйжасында бир шектүүнүн ким экендиги аныкталып, кармалган. Сурак учурунда ал Данилди уурдаганын моюндап, ал кайсы жерде экенин айткан", — деп билдиришти милициядан.

Кармалган 26 жаштагы Ш. Э. баланы 32 жаштагы Р. В. аттуу шериги кайсы жерге алып барып жашырганын айтып берген. Ал жакка укук коргоочулар жана Милициянын атайын даярдыктагы кызматы (СОБР) барып баланы аман-эсен куткарып, экинчи шектүүнү кармашкан.

Сурак учурунда алар карызы болгондуктан баланы уурдап ата-энесинен акча талап кылгысы келгенин айтып берген. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0