Кантта уурдалган өспүрүмдү гараждан алып чыгып жаткан видео

Жазылуу
Белгисиз адамдар өспүрүмдү уурдап кетишкен болчу.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кантта уурдалган Данил Браилкин Бишкектин жогору жагындагы Панорама деп аталган аймактагы гараждардын биринен табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ички иштер органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Баланы алып чыгып жаткандагы видео социалдык тармактарга да тарады.

Видеодон көрүнүп тургандай, өспүрүмдүн абалы жакшы.

Эскерте кетсек, өспүрүмдү бүгүн эртең менен мектепте бара жаткан жеринен Кант шаарынан элдин көзүнчө, көчөдөн Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Баланы салып жаткан учур видеого түшүп калган.

ИИМден маалымдашкандай, Браилкин бүгүн, 11-апрелде, саат 21:30да табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0