Абылгазиев уурдалган баланы издөөгө болгон күчтү жумшоо тапшырмасын берди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм бүгүн эртең менен уурдалганы маалымдалып, ал учур видеого тартылып калган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уурдалган 12 жаштагы Данил Браилкинди издөөгө болгон күчтү жумшоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге издөө иштерин өз көзөмөлүнө алууну буйруган.

"Өспүрүмдү эртерээк табууга бардык күчтөр жумшалышы керек", — деди Абылгазиев.

Браилкиндин бүгүн эртең менен уурдалганы маалымдалып, ал учур видеого тартылып калган. Анда бейтааныш киши баланы "Яндекс таксинин" логотибине окшош машинага салып жатканын көрүүгө болот. Аталган компаниядан маалымдашкандай, алар да баланы издөөгө кол кабыш кылууда. Баланын атасы болсо уулун уурдап кеткендер байланышка чыкпаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0