Өмүрбекова: трассалардын боюна заманбап кемпинг жана отелдерди куруу зарыл

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова. Архив
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактарды брендге айландыруу, алардын ар биринин өзүнүн туристтик тармагын өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Трассалардын боюнда сапат стандарттарына жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берген кафелер, кемпинг жана мейманканаларды курууну карап чыгуу зарыл. Бул туурасында өкмөттө Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча өткөн жыйында айтылды.

Ал вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жетекчилиги менен өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чоң жолдордун жээгине бардык талаптарга жооп берген кафе, кемпинг жана отелдерди курууну карап чыгышыбыз керек. Негизи эле туристтик бизнести кантип пайдалуу кылып чет элдик туристтерди тартабыз деген маселеге артыкчылык берели. Белгилүү болгондой, туристтер азыр аба жолдору менен катташат. Ошондуктан заманбап аэропортторду өнүктүрүү зарыл", — деди Өмүрбекова.

Вице-премьер кошумчалагандай, аймактарды брендге айландыруу, алардын ар биринин өзүнүн туристтик тармагын өнүктүрүү маанилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0