Бишкек: "Ош" базарында 200гө чукул сатуучу митингге чыкты. Сүрөттөр

© Sputnik / Эламан КарымшаковБылтыр январь айында өрттөнгөн "Берекет" базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда
Былтыр январь айында өрттөнгөн Берекет базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингге жүздөгөн адам чыгып, бир нече плакаттарды колдоруна көтөрүп алышкан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Былтыр апрель айында өрттөнгөн "Берекет" базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда.

© Sputnik / Эламан КарымшаковНа территории Ошского рынка проходит митинг продавцов в Бишкеке
Былтыр январь айында өрттөнгөн Берекет базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда - Sputnik Кыргызстан
1/4
Былтыр январь айында өрттөнгөн "Берекет" базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда
© Sputnik / Эламан КарымшаковНа территории Ошского рынка проходит митинг продавцов в Бишкеке
Митингге 200дөй адам чогулган. Учурда сатуучулар талаптарын айтып, бир-бирден сүйлөп жатышат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Митингге 200дөй адам чогулган. Учурда сатуучулар талаптарын айтып, бир-бирден сүйлөп жатышат
© Sputnik / Эламан КарымшаковНа территории Ошского рынка проходит митинг продавцов в Бишкеке
Эске салсак, Ош базарынын аймагынан чыккан өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон - Sputnik Кыргызстан
3/4
Эске салсак, "Ош" базарынын аймагынан чыккан өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон
© Sputnik / Эламан КарымшаковНа территории Ошского рынка проходит митинг продавцов в Бишкеке
Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Андан бир нече соодагерлер миллиондогон сомдук чыгым тарткан. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Андан бир нече соодагерлер миллиондогон сомдук чыгым тарткан.
1/4
Былтыр январь айында өрттөнгөн "Берекет" базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда
2/4
Митингге 200дөй адам чогулган. Учурда сатуучулар талаптарын айтып, бир-бирден сүйлөп жатышат
3/4
Эске салсак, "Ош" базарынын аймагынан чыккан өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон
4/4
Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Андан бир нече соодагерлер миллиондогон сомдук чыгым тарткан.

Митингге 200дөй адам чогулган. Учурда сатуучулар талаптарын айтып, бир-бирден сүйлөп жатышат.

Эске салсак, былтыр ушул маалда, 13-апрелдин түнүндө "Ош" базарынын аймагындагы Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан "Берекет" кичи базарында өрт чыгып, товарлар күйүп кеткен.

"Соода кылган жерден башка имаратка, жаңы бүткөн базарга көчүүнү айтышты. Аны карап көрсөм, бир чарчы метри 1,5 миң доллар экен. Ал эми биз соода кылып жаткан жер эртең жабылат деп жатышат. Былтыр эле мен ушул жерден 16,5 миң долларга соода орунду сатып алган элем. Анда менин акчам жөн эле күйүп кетеби?" — деп өзүн Бурул Андашова деп тааныштырган сатуучу айтып берди.

Нааразылыкка чыккан сатуучулар бир нече плакаттарды колуна көтөрүп алышкан. Учурда алар чогулуп, нааразылыгын айтып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0