Кантта өспүрүмдү уурдады делген кишинин иштеген жери айтылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн көрөр замат таанышкан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кант шаарынын тургундары 12 жаштагы Данилди уурдады делген кишилердин бирин таанышты. Алардын айтымында, жаран маршрутка айдап иштейт.

“Кармалгандардын биринин сүрөтүн көрөрүбүз менен тааныдык. Ал жергиликтүү маршрутканын айдоочусу. Аны Канттагылардын көбү билет”, - дешти тургундар.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кантта уурдалган өспүрүмдү гараждан алып чыгып жаткан видео
Эскертке кетсек, өспүрүмдү бүгүн эртең менен мектепте бара жаткан жеринен Кант шаарынан элдин көзүнчө, көчөдөн Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Баланы салып жаткан учур видеого түшүп калган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өспүрүм 11-апрелде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорамадагы гараждардын биринен табылган. Алдын ала маалымат боюнча эки шектүү кармалды.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0