Бишкекте жумушка орношуунун жолун үйрөткөн карьера жарманкеси өтөт

Жазылуу
Жарманкеге өлкөдөгү бардык студенттер катышса болот.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык университетинин борбордук кампусунда карьера жарманкеси өтөт. Бул туурасында аталган окуу жайдан маалымдашты.

Жарманкеге ири жана чакан бизнес компанияларынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар катышат. Иш-чаранын алкагында семинарлар, мастер-класстар жана коноктордун лекция өтүүсү пландалган.

"Жарманкеде жумушка орношуу үчүн резюмени кантип туура толтуруу, аңгемелешүүгө барганда өзүн алып жүрүү жолдору айтылат. Ошондой эле компаниянын өкүлдөрү, ишкерлер менен бетме-бет көрүшүп таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, жумушка орношуу же стажировка өтүү тууралуу маалымат алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Карьера жарманкеси 12-апрелде саат 10.00дө башталып, 14.00гө чейин уланат. Катышуу акысыз, өлкөдөгү бардык студенттер келсе болот. Ар бири резюмесин ала барып, ошол жерден өзү каалаган компанияга таштоого мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0