Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКардиохирург Лео Бокерия удостоен награды "Орден Александра Невского"
Кардиохирург Лео Бокерия удостоен награды Орден Александра Невского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкө ичинде жасала турчу эң кымбат операциялардын расмий баасын билүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган.

Ведомствонун алдындагы Дары-дармек саясаты жана медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын берген маалыматы боюнча жогорку технологияны талап кылган операциялар Кыргызстандагы үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекемелерде жасалат.

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
Медициналык мекемелер үч деңгээлге бөлүнөт: биринчисине бейтапканалар, экинчисине аймактык жана шаардык ооруканалар, үчүнчү деңгээлге Улуттук кардиология жана терапия борбору, Улуттук хирургия борбору, Улуттук госпиталь жана башка ушул сыяктуу ири ооруканалар кирет.

Маалыматта эң кымбат операциялар жүрөк хирургиясына таандык экендиги айтылат. Нарк антимонополиялык комитет тарабынан бекитилип, төмөнкүдөй берилген.

1. Көкүрөк аортасынын аневризмасын протездөө — 90 миң сом;

2. Жүрөктүн бир клапанын протездөө операциясы — 80 миң сом;

3. Жүрөктүн татаал эмес тубаса кемтигин оңдоо операциялары — 80 миң сом;

4. Аортокоронардык кан тамыр улоо — 78 миң сом;

5. Жүрөктүн эки клапанын (капкагын) протездөө операциясы — 70 миң сом;

6. Коронорография жана ангиопластика менен жүрөктүн бир кан тамырын стенттөө — 67 миң сом;

7. Жүрөктүн татаал эмес тубаса кемтиктерин коррекциялоо — 50 миң сом;

8. Жүрөктүн татаал эмес тубаса кемтиктерин оңдоо — 46 миң сом;

9. Жүрөктүн үч капкагын жасалма капкактар менен алмаштыруу — 45 миң сом;

10. Ангиография жана жоон кан тамырларды стенттөө — 40 миң сом; 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча эң кымбат операциялар жүрөк хирургиясына таандык
Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар - Sputnik Кыргызстан
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча эң кымбат операциялар жүрөк хирургиясына таандык

Операциянын баасы кантип бычылат?

Такталбаган маалыматтар боюнча операцияга бир нече миң доллар короткон бейтаптар бар экен. Саламаттык сактоо министрлигинен операциянын чыгымы эмненин негизинде түзүлө турганын түшүндүрүп беришти.

"Бейтаптар жасалган операциянын акысына эмес, ага колдонула турчу жабдыктар үчүн көбүрөөк акча сарптап жатканын түшүнүшү керек. Мисалы, бутка же жамбашка протез керек деп коелу. Аны бейтап жеке фирмалар аркылуу буйрутма кылып, сатып алышы керек. Себеби министрликтин алдындагы операциялык жабдыктарды жеңилдетилген түрдө берген "Жогорку технологиялар" фондусунда каражат жетишсиз. Мындай жабдык үчүн кезекке тургандардын саны абдан көп. Аларды ооруканалардагы атайын комиссиялар иргейт", — деп айтылат маалыматта.

Бейтаптар жабдыктарды жеке фирмалар аркылуу ар кандай суммада сатып алгандыктан жана бул анын жеке иши болгондуктан министрлик үчүн операциялардын баасынын рейтингин чыгаруу мүмкүн эместигин кошумчалашты. Башкача айтканда, ооруканалар жасалган операциялардын саны жана аталышы боюнча гана ведомствого маалымат берилет. Ал эми прейскурантта операциянын негизги акысы үчүн гана баалар коюлган, жабдыктар эсепке алынган эмес. 

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖүрөккө жасала турчу операциянын эң кымбаты 90 миң сом турат. Мындан тышкары керектелүүчү материал, жабдыктарды кошкондо жалпысынан 150 миң сомго чукулдайт.
Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар - Sputnik Кыргызстан
Жүрөккө жасала турчу операциянын эң кымбаты 90 миң сом турат. Мындан тышкары керектелүүчү материал, жабдыктарды кошкондо жалпысынан 150 миң сомго чукулдайт.

Жүрөк операциялары эмнеге кымбат?

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эмне себептен жүрөккө жасала турчу операциялар кымбат экендигин билүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыры хирургиясы илимий изилдөө борборунун жетекчиси, хирург, кардиолог Калдарбек Абдрамановго кайрылды. 

© Фото / К. ЭргешовЖалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыры хирургиясы илимий изилдөө борборунун жетекчиси, хирург, кардиолог Калдарбек Абдраманов
Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыры хирургиясы илимий изилдөө борборунун жетекчиси, хирург, кардиолог Калдарбек Абдраманов

"Травматология жана ортопедия жаатында операция жасатуу, онкологияга байланыштуу ооруларды дарылоо деле кымбат турат. Бирок мамлекеттин акчасы жетпей, бейтаптар дары-дармек, жабдыктарды өздөрү сатып алгандыктан прейскурант түзүү кыйын. Биздин жүрөк ооруларына байланыштуу операциялар жолго салынган, бардыгын антимонополиялык кызмат менен тууралаганбыз. Эң кымбаты 90 миң экендиги чын. Жалал-Абадда 80 миң. Айыл жери деп 10 миң сомго арзандатканбыз. Ушул эле операцияларды жеке клиникаларда 6-7 миң долларга, чет мамлекетте 10-15 миң долларга чейин жасайт", — деди кардиохирург.

Ал белгилегендей, прейскурантта бекитилген 90 миң сом дегендер операциянын негизги чыгымы болуп эсептелет. Мындан тышкары, эгер операцияга керектелүүчү материалдар болсо, аны бейтап жеке фирмалар аркылуу сатып алат. Жалпысынан бир операцияга 140-150 миң сом каражат корошу ыктымал.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнүп турса эмне кылам? Бишкектеги ооруканалардын дайын-дареги
"Негизги чыгым 90 миң эмненин негизинде түзүлдү деген суроо туулушу ыктымал. Бейтап операцияга чейин канга анализ тапшырат, ички органдарын текшертет, операция башталганда наркоз берилет, ийне, липучка, бахила, халат, мониторго сайыла турчу датчик, шнурлар, катетер, араанын лезвиеси, электрод, көкүрөктү тиккен зымдар жана жиптер, губкалар, түтүкчөлөр, айтор, жүзгө жакын материал бар. Анын баары операция бүткөндөн кийин өрттөлөт. Себеби инфекция башкаларга жукпашы керек. Бейтап реанимацияга которулганда да бир топ дары-дармек коройт. Бул негизги чыгым болуп эсептелет. Мындан тышкары да керектелүүчү материалдар болот. Мисалы, тубаса кемтик операцияларында оксигенатор керек, ал жеке фирмаларда 30-35 миң сом турат. Мындайча айтканда, бейтаптын жалпы операциясы 150 миң сомго чукулдашы ыктымал", — деди дарыгер.

Ал ошондой эле дарыгерлер операциядан түшкөн каражатты чөнтөгүнө салып алат деген түшүнүк туура эмес экендигин белгиледи.

"Мисалга алынып жаткан 90 миң сомдун ичинде коммуналдык кызматтар, дарыгерлердин айлыгы каралган эмес. Менин наамдарымды эске алуу менен мамлекет 12 миң сом айлык төлөйт, жалпы суммадан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кошумча акы катары 6-7 миңдей бөлөт, жалпысынан 20 миңге чукул алам. Мурда эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) деп да каражат берилчү эле, ал да жоюлуп кетти. Эгер биз жасап жаткан операциянын акысынын 30 пайызын дарыгерлерге бөлүп койсо, коррупция азаймак деп ойлойм. Жеке клиникаларда ак халатчандардын үлүшүн беришет", — деди Абдраманов. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОперациянын каражаты дарыгердин чөнтөгүнө түшпөйт. Ак халатчандар жалпы бюджеттин эсебинен айлык гана ала алат.
Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар - Sputnik Кыргызстан
Операциянын каражаты дарыгердин чөнтөгүнө түшпөйт. Ак халатчандар жалпы бюджеттин эсебинен айлык гана ала алат.

Сабырбек Жумабеков: адамдын "темир-тезеги" миңдеген долларды чапчыйт

Операциялардын баасы боюнча Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабековго дагы кайрылдык. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТравматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков
Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар - Sputnik Кыргызстан
Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков

"Бизде операциялардын бардыгы бекер, кызмат көрсөткөндүгүбүз үчүн каражат албайбыз. Мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде бейтаптар оорукананын кассасына кошумча акы же жаткандыгы үчүн орточо эсеп менен миң сомдон үч миң сомдон ашыгыраак акча төлөшөт. Пенсионерлер менен беш жашка чейинки балдарга бекер. Айрым учурда антибиотик, дары-дармектер кымбат болушу ыктымал, бейтаптар аларды өздөрү сатып алышат. Адамдын "темир-тезеги", протездерин мамлекет каржылай албагандыгы үчүн өздөрү сатып алганга туура келет. Кытай, Индия, Пакистандын протездери миң доллар болсо, Европа, Түркия сыяктуу мамлекеттердики 2500-3000 доллар турат", — деди Жумабеков.

Федеральный центр сердечно-сосудистой хирургии в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Түркияда операцияны кантип бекер жасатууга болот? Квотанын шарт-талабы
Ал кошумчалагандай, эң кымбат операциялар — онкопротез деп аталат. Мында сөөктү алмаштырып, ордуна муундар менен кошо жасалма сөөктү салышат. Аталган операцияны Кыргызстанда Сабырбек Жумабеков гана жасайт. Протездер Түркиядан буйрутма аркылуу 6 миң доллардан алып келинет. Дарыгер чет мамлекетте мындай операция 50-100 миң доллардын тегерегинде экенин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин кайсы өлкөдөн кыргызстандыктар бекер операция жасата алары тууралуу материал даярдаган. Квотанын шарт-талабы менен таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0