Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековПосол Российской Федерации в КР Николай Удовиченко
Посол Российской Федерации в КР Николай Удовиченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчиси Николай Удовиченко Sputnik Кыргызстандын студиясына келип, эки өлкөнүн достугун кантип чыңдай турганын айтып, өлкөдөгү сөз эркиндигинин деңгээлине баа берип, ошондой эле азыркы чакта да деңиз каракчылары бар алыскы Нигериядагы ишмердигин эскерди.

Николай Удовиченко Бишкекке келгени эң биринчи барган жери — Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи болду. Элчи Кыргызстандын кайсы жерлерин, шаарларын көргүсү келерин, кайсы багытта иш алып барарын, андан тышкары, Бишкекте анын көңүлүн эмне ээлегени тууралуу бул маектен окуңуздар.

— Сиз ишке киришкени Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга алгачкы мамлекеттик сапары менен келди. Макулдашуулардын аткарылышына Россия кандай көз салат жана мында элчинин ролу кандай?

— Россияда президенттин башка өлкөгө жасалган сапарынан соң өзүнчө тапшырмалар берилип, мекемелер аларды аткарууга кызуу киришет. Макулдашуулардын аткарылышына көз салып, зарыл учурда өнөктөштөрүбүздүн биргеликте аракеттешүүсүнө көмөктөшүп, эгер кайсы бир жагы аксап жатса, бардык макулдашуу жана келишимдерди ишке ашырылышы үчүн кандай аракет көргөн оң экендигин жогорку инстанцияларга айтып турабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНиклай Удовиченко Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2019-жылдын 30-январында дайындалган.
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Никлай Удовиченко Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2019-жылдын 30-январында дайындалган.

— Баарынан да Владимир Путиндин мамлекеттик сапары анын "Салам, аскер" деп кайрылышы, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун ага аргымак жана тайган тартуулашы менен карапайым кыргызстандыктардын жадында калды. Аларды Россияга кантип жеткирдиңиздер?

— Бул сырды ача алам. Адатта белектердин топтому алдын ала макулдашылбайт, ошондуктан биз үчүн өтө күтүүсүз болду. Шерхан тайган эбак Россияда, ал эми жылкыны жеткирүү өтө кылдаттыкты талап кыларын эске алып, тийиштүү мекемелер менен чечилмекчи. Эртеби-кечпи, ал жеткирилет.

— Тулпар дале Кыргызстандын аймагындабы?

— Билишимче, азырынча бул жерде.

© Видео / пресс-служба президента РоссииПутин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео

— Өзүңүз качан келдиңиз жергебизге?

— 2019-жылдын 27-февралында Бишкекке учуп келгем, дароо эле ишке кириштим. Себеби эки күндөн кийин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Россия-кыргыз өкмөттөрү аралык комиссия ишин баштады. Өткөн айдын аягында Владимир Путин мамлекеттик сапары менен келди. Кайсы гана элчи болбосун, андай сапар жана андан кийин келишимдердин жүзөгө ашырылышында бул зор сыймык, чоң чакырык. Кызматка киришип-кирише электе мындай кызуу саясий турмушка тез аралашканыма кубанычтамын.

— Кыргызстанда дипломатиялык вазийпаны алганга чейин Нигерияда элчиликти аркалапсыз. Ал жакта жубайыңыз да жаныңызда болдубу?

— Ооба. Балдарыбыз бой жетип, ар бири өз турмушу менен алек. Жубайым мени алгачкы иш сапарымда коштоп барган, ошондон бери бул адат уланып келет. Бул жакка да бирге келдик. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУдовиченко: милдеттеримдин эң башкысы — саясий байланыштар жана мамилелер, экинчи орунда — гуманитардык байланыштар, маданий маселелер жана жергиликтүү каада-салт менен таанышуу, үчүнчү — соода-экономикалык байланыштардын өрчүшүн өбөлгөлөө, анан да коопсуздук жана аскердик кызматташтык.
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Удовиченко: милдеттеримдин эң башкысы — саясий байланыштар жана мамилелер, экинчи орунда — гуманитардык байланыштар, маданий маселелер жана жергиликтүү каада-салт менен таанышуу, үчүнчү — соода-экономикалык байланыштардын өрчүшүн өбөлгөлөө, анан да коопсуздук жана аскердик кызматташтык.

— Нигериядагы беш жылыңыз татаал өткөн жокпу? Ал жакта төңкөрүш, бийликти басып алуулар улам кайталанып, көп адам набыт болгонунан кабардарбыз.

— Аны Африка континентиндеги дарамети күчтүү бөтөнчө бир өлкө деп атасам болот. 180 миллион калк, 300 этнос жашайт, диний принцип боюнча ажырым чоң. Климаты ак жуумал кишилерге дегеле ылайык келбейт. Айрым учурда ички саясий кырдаал оңой болгон эмес. Деңиз каракчылары кол салып, адамдарды уурдашат, башка көйгөйлөр да бар, мунун бардыгына күбө болууга туура келди. Бирок бир нече жолку безгекти (малярияны) эсепке албаганда чоң көйгөйгө кабылганым жок. Ал тажрыйба үчүн ыраазымын.

ИДП көлөмү боюнча Нигериянын экономикасы Түштүк Африканын экономикасына тең келет, башкача айтканда, Африкадагы экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн бири. Элдердин өз ара мамилесинде аспектилер арбын, бирок кызыгы, дагы көптөгөн көйгөйлөр болгондугуна карабастан, Африка жалпысынан төңкөрүш, ашкере чыр-чатактан оолактап, толеранттуулук, диний сабырдуулук жолунда баратат.

— Кыргызстандагы ишмердигиңиздин башатында кандай иштерди аткарууга белсенип турасыз? Балким, тез аралашып, жергиликтүү калктын менталитетин түшүнүү үчүн биринчи кезекте маданият, салт-санаа, үрп-адаттарын изилдейт чыгарсыз?..

Кыргызстандагы Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын элчиси: Боомго баргандагы учур эсимден кетпейт...
— Милдеттеримдин эң башкысы — саясий байланыштар жана мамилелер, экинчи орунда — гуманитардык байланыштар, маданий маселелер жана жергиликтүү каада-салт менен таанышуу, үчүнчү — соода-экономикалык байланыштардын өрчүшүн өбөлгөлөө, анан да коопсуздук жана аскердик кызматташтык.

Бардык багыттар боюнча бир убакта иш алпарууга туура келет. Ушул айда Ысык-Көлгө Николай Михайлович Пржевальскийдин мааракесине карата иш-чарага барам. Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилери менен кезигүүнү пландап турам. Ошко сапар тартам. Пландар арбын.

Быйылкы жылга өтө активдүү саясий диалог — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу, Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимдик уюмдун алкагында президенттердин деңгээлиндеги иш-чара белгиленген. Иш көп, ошентсе да ара-чолодо өлкөнү таанып, калк менен жолугушууга убакыт табууга тырышам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи: Быйылкы жылга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу, ЖККУ алкагында президенттердин деңгээлиндеги иш-чара белгиленген. Иш көп, ошентсе да ара-чолодо өлкөнү таанып, калк менен жолугушууга убакыт табууга тырышам.
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Элчи: Быйылкы жылга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу, ЖККУ алкагында президенттердин деңгээлиндеги иш-чара белгиленген. Иш көп, ошентсе да ара-чолодо өлкөнү таанып, калк менен жолугушууга убакыт табууга тырышам.

— Кыргызстанда сизди эң таасирленткен нерсе эмне болду?

Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздарды көчүрүү боюнча кеп жүргөн эмес. Афган элчиси менен маек
— Расмий структуралар, жалпыга маалымдоо каражаттарынан тарта президенттик администрацияга чейин өз ара аракеттешүүгө даяр экендиктери байкалды. Владимир Путин мамлекеттик сапарына байланыштуу бир нече күн бою көптөгөн инстанциялар менен иштештим, алар тараптан иштер жогорку, кесипкөйлүк деңгээлде аткарылды. Бул ичимди жылытпай койгон жок.

Тиричилик, күн, тоо тараптан келген таза аба... Этке табитим көп тартпаса да жакшы сапаттагы эт мол экенин көрүп турам. Сүт азыктары, жер-жемиш — көп нерсе купулума толду. Бешбармак, манты, май токоч аябай жакты. Тамактануучу жайлардан буларды көп жеп жүрөм. Адамдар ачык, ак ниет, өздөрүн жай алып жүрүшкөнүн байкадым.

— Сиздин бул жылы аткарылчу иштериңиз көп, бош убактыңыз аз экендиги түшүнүктүү. Жергиликтүү климат, маданият менен таанышууга жубайыңыздын убактысы көбүрөөк болсо керек. Үйдө ал сизге эмнелерден кеп кылууда?

— Элчи иштеп, жубайы эс алат деп ойлоо натуура. Айрым иш-чараларга чогуу барууга тийишпиз, менин колум жете бербеген үй иштери анын мойнунда.

Ойлорубуз төп келди. Эт жегенди мага караганда ал көбүрөөк жактырат. Кыргызстан боюнча ал жылуу пикирде. Айтматовдун үй-музейине, ар кандай көргөзмө, театрга бардык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНиколай Удовиченко: кыргызча үйрөнөм. Бир-эки жыл ичинде азыноолак сүйлөп калармын.
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Николай Удовиченко: кыргызча үйрөнөм. Бир-эки жыл ичинде азыноолак сүйлөп калармын.

— Венгер жана англис тилинде эркин сүйлөй аларыңызды билебиз. Кыргыз тилин үйрөнүүгө ниетиңиз барбы же аз-маз сөз жаттоого үлгүрдүңүзбү?

— Мен кыргызча үйрөнөм. Бир-эки жыл ичинде азыноолак сүйлөп калармын.

— Биздин өлкө аталганда акылыңызга эмне келет?

— Эгер саясий деңгээлде сурасаңыз, бул — эгемендүү Кыргызстан. Эгер жөнөкөйлөтө атасам, Ысык-Көл, Чыңгыз Айтматов, тоолор, ачык-айрым, ак ниет адамдар. Алардын мында менин ким болуп иштеримди билип-билбегенине карабастан, баары жардамдашууга даяр. Алар үчүн орусча сүйлөгөн эле бир жаранмын. 

— Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли боюнча эмне дейт элеңиз?

— Көйгөйлөр мында ачык айтылат экен. Менимче, чындап эле адамдар менен журналисттер эмне ойлонгонун ачык айта алганы жакшы көрүнүш, андыктан, сөз эркиндигинин деңгээлин өтө жогору баалайм.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи : Кыргызстан дегенде Ысык-Көл, Чыңгыз Айтматов, тоолор, ачык-айрым, ак ниет адамдар оюма келет. Алардын мында менин ким болуп иштеримди билип-билбегенине карабастан, баары жардамдашууга даяр. Алар үчүн орусча сүйлөгөн эле бир жаранмын.
Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Элчи : Кыргызстан дегенде Ысык-Көл, Чыңгыз Айтматов, тоолор, ачык-айрым, ак ниет адамдар оюма келет. Алардын мында менин ким болуп иштеримди билип-билбегенине карабастан, баары жардамдашууга даяр. Алар үчүн орусча сүйлөгөн эле бир жаранмын.

— Үй-бүлөңүз туурасында да билсек?..

— Жубайым юрист, Москва мамлекеттик университетин аяктаган, өз кесиби боюнча аз иштеп калды. Университетти бүткөнүбүздө эле Венгрияга жол тартканбыз. Тун уулубуз 1986-жылы ошол жакта төрөлдү, эки жылдан кийин кыздуу да болдук. Уулум — жактоочу, Москвадагы юридикалык конторалардын биринин өнөктөшү. Кызыбыз логистика багытында иштейт. Азырынча бир неберебиз бар. Чакан үй-бүлөмдүн курамы ушундай. 

— Мекенден ыраакта кимди көбүрөөк сагынасыз?

— Биринчи кезекте балдарды, айрыкча, неберебизди аябай сагынабыз. Ыгы келе калса эле көрүшөбүз. Дагы жакшы, азыр видеобайланыш бар, ал аркылуу сагынычты таркатып турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0