Таласта абактагы жалгыз кишини жаман шартта кармаган жетекчи иштен кетти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМКтын төрагасынын орун басары №39 мекеменин ишин текшерип, Талас облусунда жүргөндүгү айтылды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Талас облусунун аймагындагы №29 жатак абагындагы эркинен ажыратылган кишинин адам чыдагыс абалда калышына жол бергендиги үчүн Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын №39 мекемесинин жетекчиси Таалай Момбеков иштен алынды. Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Министр МВД Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев ЖАМК менен колониялардагы кадрларды алмаштырды
Буга чейин бир катар ЖМКларда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусу боюнча өкүлдөрү №29 жатак абагына баргандыгы маалымдалган. Алар аталган жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан З.Е. аттуу кишинин кордолгон жана адам жашагыс шартта кармалып турганын аныктаган.

Бул маалыматтан кийин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) ички кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анын чыккан жыйынтыгынын негизинде милдетин абийирдүүлүк менен аткарбагандыгы үчүн №39 мекеменин жетекчиси Таалай Момбеков кызматынан алынган.

Кеп болуп жаткан №29 мекеме жоюлуп кеткендиктен, ал жатак абагы №39 мекемеге караштуу болуп калган.

Учурда ЖАМКтын төрагасынын орун басары Аскат Эгембердиев №39 мекеменин ишин текшерип, Талас облусунда жүргөндүгү кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0