Төрөт учурунда башы оюлуп калган ымыркай ооруканадан чыкты. Абалы кандай?

© AFP / FREDERICK FLORINЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөт маалында башынан жаракат алган наристе эми жөтөлүп калды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Төрөт учурунда башы оюлуп калган ымыркай ооруканадан үйгө чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына баланын энеси Акылай Мырзабекова билдирди.

Эске салсак, Мырзабекова 18-март күнү Токтогул шаарындагы төрөт үйүндө өз алдынча төрөй албай, акыры бала операция жолу менен жарык дүйнөгө келген. Бирок дарыгерлер алгач ымыркайды "курсакта өлүп калды" деп, операциядан кийин медайымдар аны өлүк катары жууп жаткан мезгилде дем алып кеткени айтылган. Ошол эле учурда төрөт маалында бала башына жаракат алганы белгилүү болгон.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жаткан наристе 9-апрель күнү дарыгерлердин кароосунан дагы бир жолу өткөндөн кийин үйгө чыгарылды.

"Дарыгерлер баланын абалы жакшы деген баа берип, үйгө жиберишти. Азырынча Бишкекте болобуз. Анткени 10 күндөн кийин кайрадан кароодон өтөт экенбиз. Азыр бир аз жөтөлүп жатат. Балким төрөлгөндө тирүү эмес деп ойлоп салкын кармап коюшкандыр. Ошондон суук тийиши мүмкүн. Бул жакта дарыгерлер текшерип, дары жазып беришти", — деди Мырзабекова.

Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн окуучулардын абалы айтылды
Буга чейин Жалал-Абад облустук милициясынан аталган факты боюнча эки берене менен кылмыш иши козголгонун айтышкан. Бирок ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Жээнтаевдин тактоолорунан кийин кылмыш иши КРдин Жазык кодексинин 152-беренеси ("Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу") менен гана козголгону белгилүү болду. Анын айтымында, окуя болгон күнү төрөтканада нөөмөттө турган дарыгерлер сурак берип, иликтөө иштери улантылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен дагы кызматтык иликтөө аягына чыга элегин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0