Табышып койгула! Бишкектин четинен киши жоголду. Сүрөт

© Sputnik / Алексей ФилипповЖолдон өтүп бараткан адам. Архив
Жолдон өтүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан киши 17-февралда фермерлик чарбасынан чыккан бойдон кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Садовое айылында 1964-жылы төрөлгөн Зверик Игорь Владимирович дайынсыз жоголду. Бул тууралуу аймактын Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Зверик 17-февралда фермерлик чарбасынан саат 10.00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык чырай, чачы кыска, саргыч түстө, көзү көк, мурду оң тарапка кыйшайып турат. Аксап басат.

Кишини көргөн-билгендер болсо (0312) 36-35-27, 36-35-23, (0552) 22-06-92, (0704) 31-25-05, (0550) 34-33-63 жана 102 номерлерине кабарлап койсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0