Аэропорт — тойкана эмес! Аба майданында жана учакта жүрүү боюнча 10 кеңеш

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАэропорттун күтүү залындагы жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттун күтүү залындагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макала алыс жолго чыкканда уруш-талаштан оолак болуп, өзүңдүн жана башкалардын "нервин" сактоого жардам берет.

Бөтөн өлкөгө сапар алуу, бир нече саат учуунун өзү оңой иш эмес. Аэропорт менен учакта коопсуздук биринчи орунда тургандыктан, ал жактагы тартиптер ар бир адамдан өзгөчө кылдаттыкты, сактыкты жана сылыктыкты талап кылат.

Алгачкы жолу сыртка чыгып жаткан киши үчүн айрым шарттар татаал жана түшүнүксүз сезилиши мүмкүн. Андыктан Sputnik Кыргызстан редакциясы аба майданында жана учакта жүрүү эрежелерин сунуштайт. Кеңештерди даярдоого "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова жардам берди.

Коопсуздук кызматы

Ресторан института Bocuse в Экюли - Sputnik Кыргызстан
Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш
Аэропорттун коопсуздук боюнча өз шарттары бар. Мисалы, учуу аймагына өтүү үчүн текшерилиш керек. Телефон, ачкыч, тыйын, кур сыяктуу курамында темир бар бардык буюм-тайымдарды чечип контейнерге салып, рентген аппараттан өткөрөсүз. Жаныңызда алып жүрчү сумкада 100 граммдан ашык суюктук, бычак, кайчы сыяктуу нерселер болбошу зарыл. Сырткы кийимиңизди, ал тургай, айрым аэропорттодо бут кийимди чечүүгө дагы туура келет. Бул кызматкерлердин жеке каалоосу эмес, андыктан так аткарууга тийишсиз. Бардыгы кынтыксыз болсо, эч тоскоолдуксуз жана тез эле өтүп кетесиз. Баса, жүрөгүндө кардиостимулятор аппараты барлар бул тууралуу сөзсүз коопсуздук кызматына айтышы керек. Аны металлодетектор аркылуу өткөрбөй, өздөрү текшеришет. Бул жүргүнчүнүн ден соолугуна көрүлгөн камкордук.

Жыйнактуу болуңуз

Аэропорттон сумка менен чемодандарды ой келди таштап коюуга болбойт. Ары-бери өткөндөрдүн ыңгайын айтпаганда дагы жеке коопсуздук үчүн документтер салынган сумканы ар дайым колго кармап, чемоданды тигинен тургузуп, жаныңызга коюп алыңыз.

Сылык болуңуз

Учакта канча саат учсаңыз, ошончо убакыт бою жаныңызда борт коштоочулар менен башка жүргүнчүлөр болот. Алар менен тил табышпаска айла жок. Учактан башка транспорттой каалаган жерден токтотуп түшүп кала албайсыз. Андыктан стюардессалардын "курду тартынып алыңыз", коңшулардын "отургучту бир аз көтөрүп алыңыз" деген өтүнүчтөрүн четке какпаңыз. Антпесе өзүңүзгө эле ыңгайсыз болот.

Ичимдик

Узун жолду кыскартууга бир бокал шарап сонун жардам бериши мүмкүн. Бирок чегинен ашырып алсаңыз, пайда таппайсыз. Кокустан бирөө менен айтышып, чатак чыгып кетсе, конгондо сизди бери дегенде эле айып пул күтүп турат. Милиция (полиция), авиакомпаниянын "кара тизмеси" тууралуу айтпай эле коелу.

Баланы колдон чыгарбаңыз

Комузисты во время концерта - Sputnik Кыргызстан
Сахнага чыгып алып ырчыны өпкүлөбө!.. Концерт көрүү маданияты боюнча 10 кеңеш
Учактын салону балдар аянтчасы эмес. Андыктан ары-бери чуркатпай, колдон келишинче тынчыраак отургузуңуз. Баланын "кылыктары" ар бир кишиге эле жага бербейт. Баланы жаман көргөндүктөн эмес, тек гана өзүнүн абалы начар болуп, сиркеси суу көтөрбөй турушу мүмкүн. Учуу ар кимге ар кандай таасир этет. Кээ бирөөлөр коркот, дагы бирөөлөрдүн кан басымы көтөрүлөт дегендей.

Тазалык, тазалык жана тазалык...

Учаар алдында чайынып, таза кийинип алыңыз. 2-3 сааттан ашык учканда бутту чечип, эс алдырып отургуңуз келет. Ошол учурда кир бутту элестетип көрсөңүз. Мындайда эч бир атыр жардам бере албайт. Баса, учакка жарым бөтөлкө атырды бир куюнуп алып кирген дагы туура эмес. Атырыңыздын жыты баарына бирдей жага бербейт. Ал тургай айрымдар мындай жыттарды такыр көтөрө албашы мүмкүн.

Сүйбөгөнгө сүйкөнбө

Адамдын сүйлөшкүсү келбей жатканын байкасаңыз, дароо оолактаңыз. Дегеним, көпчүлүк кишилер учакта музыка угуп, тасма көрүп же жөн гана уктап алганды жакшы көрөт. Бирок "сиз сенен сүйлөшкүм келбейт" деп бетке айтууга тарбиясы жол бербейт.

Эгер сиздин эркиңизге каршы бирөө сөзгө тарткысы келсе, китеп ачып же сумкадан кулакчынды алып чыгыңыз, каалооңуз дароо түшүнүктүү болот.

Даараткананы менчиктеп албаңыз

Дааратканада көпкө кармалбай, өзүңүздүн артыңыздан тазалай кетүү канчалык маанилүү экенин айтпаса деле түшүнүп турсаңыз керек.

Түртүшпөңүз

Мужчина без гражданства по имени Арлен Хадаа  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кире да, чыга да албайт. "Манас" аэропортунда жашап жаткан жигит
Учактан алдыңкы катарда отургандар биринчи жана тоскоолдуксуз түшөрү белгилүү. Артта отурган болсоңуз, шашылбаңыз. Башкалар менен коридор талашкандан көрө эч нерсени унутуп калбаганыңызга дагы бир ирет ынанып, жол бошогондон кийин гана алдыга жылыңыз.

Эң негизгиси - кечикпеңиз!

Туугандар, аэропорт — тойкана эмес! Каалаган учурда келип, кирип отуруп ала албайсыз. Каттамдан кечиктиңиз дегиче, учак сизди күтпөй учуп кетет. Аба майданында паникага түшүп, ары-бери чуркабайын десеңиз, аэропортко бир нече саат мурда барыңыз. Адатта каттоо учууга 2-3 саат калганда башталып, 40-60 мүнөт калганда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0