Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЯрмарка вакансий в Омске
Ярмарка вакансий в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумуш издеген жарандар кызматкерге муктаж компаниянын өкүлдөрү менен бетме-бет жолуга алат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте жумуш издеген жарандар үчүн бош орундардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу жарандарды ишке орноштуруу башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чара 11-апрелде саат 10:00дөн 13:00гө чейин Бишкек гуманитардык университетинин башкы корпусунда болот.

Жарманкеге 20дан ашык уюм катышып, кандай бош орундар бар экенин айтып беришет.

Жумуш издегендер жана билимин жоргорулатам дегендер жумуш берүүчү менен бетме-бет сүйлөшө алат.

Толук маалыматты 0 (312) 30-36-82, 30-36-96 телефондору аркылуу алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0