Шевченко: жакшы көргөн "Ош" базарымды кыдырам

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 31 жашта.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ысык-Көлү менен Бишкектеги "Ош" базары көңүлүмөн кетпейт. Бул тууралуу UFC чемпиону Валентина Шевченко борбор калаада өтүп жаткан маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Ысык-Көл дайым менин жүрөгүмдө, ыйык жер. Ал эми "Ош" базары маданий баалуулуктардын бири болуп калды. Биз Кыргызстанга бир жумага келдик. Убакыт абдан тар, барып кеткенге аракет кылам. Бир нерсе сатып алыш үчүн деле эмес, жөн гана басып, көрүп дегендей...", — деди кыргызстандык мушкер.

Бразильский боец смешанных боевых искусств Аманда Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: Нуньес менен Холмдун беттешин чыдамсыздык менен күтүп жатам
Өз сөзүндө Шевченко Кыргызстанда төрөлүп-өскөнүнө абдан сыймыктанарын, анткени дал ушул жерде анын духу чыңалып, жакшы тарбия алганын, азыркы ийгиликтеринин негизги өзөгү Кыргызстанда түзүлгөнүн белгиледи.

Буга чейин Валентина Шевченкону Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, "Даңк" ордени менен сыйлады. Ал жолугушуу учурунда жыл сайын Ысык-Көлдө эс алып турууга чакырды.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 31 жашта.

Шевченконун маалымат жыйынын Sputnik Кыргызстан агенттиги түз алып берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0