11:26 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с чемпионкой мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентиной Шевченко.

Жээнбеков Шевченко менен жолугуп, жыл сайын Ысык-Көлгө келип турууга чакырды

DOSALIEV SULTAN
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (21)
51610

Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону "Даңк" ордени, машыктыруучусун "КРдин дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамын ыйгарды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысы Шевченкону чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктап, "Даңк" ордени менен сыйлаган. Ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээлдеги машыктыруучулук таланты үчүн ыраазычылык билдирип "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамын ыйгарган. "Кулатуу эр таймаш ММА" Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана спортчунун апасы Елена Шевченко энчилүү сааттар менен сыйланды.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с чемпионкой мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентиной Шевченко.
    Президент Сооронбай Жээнбеков UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков  наградил престижным орденом Данк чемпионку мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентину Шевченко.
    Жолугушууда мамлекет башчысы Шевченкону чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктап, "Даңк" ордени менен сыйлаган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Тренер чемпионки UFC Валентины Шевченко Павел Федотов во время встречи с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
    Ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээлдеги машыктыруучулук таланты үчүн ыраазычылык билдирип "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамын ыйгарган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Павел Федотов Руслан Кыдырмышев Валентина Шевченко Елена Шевченко Сооронбай Жээнбеков
    "Кулатуу эр таймаш ММА" Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана спортчунун апасы Елена Шевченко энчилүү сааттар менен сыйланды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с чемпионкой мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентиной Шевченко.
    Валентина Шевченко президентке жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул ага кайда гана болбосун ар дайым күч-кубат жана жеңишке ишеним берип турарын белгилеген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков во время встречи с чемпионкой мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентиной Шевченко и президентом Всемирной федерации Кулатуу Эртаймаш ММА Русланом Кыдырмышевым
    Коноктор да мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков подписывает перчатки во время встречи с чемпионкой мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентиной Шевченко.
    Коноктор да мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • "Кулатуу эр таймаш ММА" Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана спортчунун апасы Елена Шевченко энчилүү сааттар менен сыйланды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков во время встречи с матерью Валентины Шевченко — Елена Шевченко
    Президент Сооронбай Жээнбеков жана Елена Шевченко
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с чемпионкой мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентиной Шевченко.
    Президент Сооронбай Жээнбеков жана UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 10
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды.

"Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңизге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Мунун артында көп жылдык эмгек турат. Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз!" — деп айткан Жээнбеков.

Валентина Шевченко президентке жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул ага кайда гана болбосун ар дайым күч-кубат жана жеңишке ишеним берип турарын белгилеген. 

Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко во время встречи с президентом Сооронбаем Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с чемпионкой UFC Валентиной Шевченко

"Спортчу мекенге, өзгөчө Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө орун алганын баса белгиледи. Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жыл сайын Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келүүгө чакырды жана спорттук ишмердигине ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакубаттык каалады", — деп айтылат маалыматта.

Коноктор да мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырды.

Тема:
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (21)

Тема боюнча

Ышкырып, гүл сунуп, сүрөгөн жигиттер. Шевченконун Бишкекке келген видеосу
Валентина Шевченко Бишкекке келди! Аэропорттогу видео
Бишкек UFC чемпиону Валентина Шевченкону кантип тосуп алды. Видео
Белгилер:
UFC, жолугушуу, сыйлык, Спорт, Валентина Шевченко, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ