БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар райондорунда 12-апрелге чейин газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Көгүлтүр от өчө турган аймактар:
8-12-апрель аралыгында Пригородное айылынын Дорожная, Нижняя, Новая, Береговая көчөлөрүндө;
8-10-апрель Көк-Жар кичирайонунун №22, 23 үйлөрүндө;
Мындан сырткары, 10-апрелден 12-апрелге чейин Махатма Ганди, Түлөбердиев, Кокчетавская, Манас, Васильев, Исанов, Фрунзе, Тоголок Молдо көчөлөрү жана Жибек Жолу, Манас проспектилеринде газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Компания кызматкерлери түтүктөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөкчү.