Кайыгы калып, өздөрү жоголгон. Балыкчылардын биринин сөөгү табылды

Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан дайынсыз жоголгон балыкчылардын биринин сөөгү суунун жээгинен табылды.

ЫСЫК-КӨЛ, 7-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир ай мурда балык уулоо үчүн чыгып кетип дайынсыз жоголгон жубайлардын бири табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жети-Өгүз району боюнча бөлүмүнүн башчысы, капитан Нурлан Касымалиевдин айтымында, 7-апрелде эртең мененки саат 8:30-9:00дөр чамасында райондук ички иштер бөлүмүнө Кирпичный айылынын тургуну кайрылып, көлдүн жээгинде адамдын сөөгү жатканын билдирген.

Жаран сөөктү мал сугаруу үчүн баратып көрүп калган.

Провал под лед автомобиля с людьми  в Восточно-Казахстанской области - Sputnik Кыргызстан
Казакстан: муз жарылып, сууга кирип кеткен үй-бүлө 5 жашар кызынан айрылды
Облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, маалымат түшөөрү менен укук коргоочулар окуя болгон жерге барып, маркумдун сөөгүн агасы тааныган.

Буга чейин маалымдалгандай, жубайлар 28-февралдан 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Алардын кайыгы 2-мартта саат 18:00дөр чамасында Жети-Өгүз районунун Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы аймактагы суудан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0