Валентина Шевченко Бишкекке келди! Аэропорттогу видео

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча чемпионки UFC Валентины Шевченко в аэропорту Манас
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерди машыктыруучусу менен "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышты.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко Таиланддан Бишкекке учуп келди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен "Манас" эл аралык аэропортуна бүгүн, 7-апрелде, саат 19.00дө конду.

Кыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко в детстве - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченконун сандыктагы сүрөттөрү! Бала кезинен тарта чемпиондукка чейин
Аларды салтанаттуу түрдө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Канатбек Арпачиев, федерация өкүлдөрү, спортчулар, күйөрмандар, уюштуруучулар, жакындары жана журналисттер тосуп алды.

Шевченко эртең, 8-апрелде, саат 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт. 9-апрелде Ошко да барат.

Валентина Шевченко 2011-жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчу. Көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Ал муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0