Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан

Валентина Шевченко Кыргызстанда. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен Таиланддан Бишкекке келди.

Конокторду салтанаттуу түрдө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Канатбек Арпачиев, федерация өкүлдөрү, спортчулар, күйөрмандар, уюштуруучулар, жакындары жана журналисттер тосуп алышты.

Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду
Мушкер эртең, 8-апрелде, саат 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт. 9-апрелде Ошко да барат.

Шевченко акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. Ал көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Ал муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Анын UFC уюмундагы кийинки беттеши июнь айына коюлган.  Каршылашы америкалык Жессика Ай болмокчу.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:03 07.04.2019

Мушкер эртең, 8-апрелде, саат 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушат. 9-апрелде Ошко да барат.

 

19:31 07.04.2019

Валентина Шевченко Бишкекке машыктырчуусу Павел Федотовдун коштоосунда келди. Аны эл аралык "Манас" аэропортунан апасы Елена Шевченко, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана башкалар тосуп алышты.

Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Кыргызстан  - Sputnik Кыргызстан
19:28 07.04.2019
19:24 07.04.2019

Валентина Шевченко күйөрмандарынын коштоосунда Бишкек шаарын көздөй сапар алды.

Белгилүү мушкерди мотоциклдар жана жол тандабас менен коштоп кетишти.

19:15 07.04.2019
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Кыргызстан  - Sputnik Кыргызстан
19:14 07.04.2019
19:10 07.04.2019
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
19:07 07.04.2019
19:06 07.04.2019

Урматтуу окурмандар Валентина Шевченконун Бишкекке келишин тексттик трансляция кылабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0