ТИМде суу ресурстарын өз ара түшүнүүчүлүк менен пайдалануу талкууланды

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча заместителя МИД КР Ниязалиева со специальным посланником Швейцарской Конфедерации по водным вопросам в ЦА Ги Бонва
Встреча заместителя МИД КР Ниязалиева со специальным посланником Швейцарской Конфедерации по водным вопросам в ЦА Ги Бонва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттердин ортосунда сууну пайдалануу боюнча чыккан көйгөйлөрдү эки жана көп тараптуу келишимдин негизинде кызматташып чечүү талкууланган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Швейцария Борбор Азиядагы суу ресурстарын өз ара кызматташуунун негизинде айлана-чөйрөгө, башкаларга зыян келтирбей пайдалануунун жолдорун талкуулады.

Река Нарын в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Камбар-Ата-1 ГЭСинен Өзбекстан эмне пайда көрөт?
Бул жаатта Кыргызстан ТИМинин жетекчисинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Швейцариянын Суу ресурстары боюнча Борбор Азиядагы өкүлү Ги Бонва менен жолугуп сүйлөшкөнүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар суу ресурстарын жаратылышка, айлана-чөйрөгө, башкаларга зыян келтирбей тургандай кылып өз ара алака менен пайдалануу туурасында сүйлөшкөн. Андан сырткары, аймактардын, мамлекеттердин ортосунда сууну пайдаланууда чыккан көйгөйлөрдү эки жана көп тараптуу келишимдин негизинде кызматташып чечүү талкууланган.

Жолугушууда Швейцариянын КРде ишке ашырып жаткан долбоорлорунун Борбор Азия өлкөлөрү менен 2017-2020-жылдардагы кызматташуу стратегиясына туура келип жатканына оң баа берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0