Жаркын Балыкбаеванын сөөгү кайда коюлары айтылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАкции в память о погибших при пожаре в ТЦ "Зимняя вишня"
Акции в память о погибших при пожаре в ТЦ Зимняя вишня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү актриса 6-апрель күнү түштө борбор калаадагы атайын ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаеванын сөөгү 8-апрель күнү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, белгилүү актриса 6-апрель күнү түштө борбор калаадагы  Президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо жана саламаттыкты чыңдоо борборундагы ооруканада көз жумган.  Көптөн бери ооруп жүргөн Балыкбаеванын бөйрөгү иштебей калганы айтылды.

"Узатуу зыйнаты Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүндө саат 10.00дө өтөт. Андан кийин "Ала-Арча" көрүстөнүндө маркумдун сөөгү жерге берилет", — дешти министрликтен.

Балыкбаева белгилүү тенор үндүү ырчы, КРдин Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Ал 2015-жылы каза таап, сөөгү аталган көрүстөнгө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0