22:40 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Жолдогу автоунаалар. Архив

ИИМ башчысы "Коопсуз шаар" долбоорунун кырсыктарга тийгизген таасирин айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
158 0 0

Министрдин айтымында, жол эрежелерин бузгандардын саны 37,5 пайызга кыскарган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 44,4 пайызга азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол эрежелерин бузгандар 37,5 пайызга кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен салынган 15 миң 411 айып пулдун 20 миллион 202 миң сому 15 күндүн ичинде төлөнгөн.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруунун максаты айып пулдун эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.

"2019-жылдын 20-апрелине чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат. Жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында видеобайкоо камералары орнотулат. Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсеге кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болот", — деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн Тез жардам кызматынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо зарылдыгын кошумчалады.

Тема боюнча

"Коопсуз шаар": өкмөт мобилдик тиркеме иштеп чыкты
Радар орнотулган Кыргызстандын жерлери. Тизме
Белгилер:
айып пул, Кашкар Жунушалиев, Коопсуз шаар

ЭҢ МААНИЛҮҮ