Бишкекте имарат куруу үчүн жер бөлүүгө тыюу салынды. Тизме

Жазылуу
Мораторий үч жылга киргизилди.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары калаада түрдүү курулуштар үчүн жер бөлүүгө мораторий жарыялоону колдоого алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мэрия шаардык кеңештин короосуна "Түрдүү курулуштар үчүн жер тилкесин ижарага берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө" токтомдун долбоорун сунуштап, ал шаардык кеңештин XXII сессиясында кабыл алынган.

Эми төмөнкү көчөлөргө дагы үч жылга чейин жеңил курулуштарды курууга болбойт. Алар:

  • Манас проспектиси;
  • Айтматов проспектиси;
  • Чүй проспектиси;
  • Шабдан баатыр проспектиси;
  • Дэн Сяопин проспектисинен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;
  • Жибек Жолу проспектиси;
  • Байтик баатыр көчөсү;
  • Абдрахманов көчөсү;
  • Элебесов көчөсүнүн Кичи Чүй каналына чейинки бөлүгү;
  • Горький көчөсү;
  • Лев Толстой көчөсү;
  • Медеров көчөсүнүн Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • 7-Апрель көчөсү;
  • Курманжан датка көчөсү;
  • Жаш Гвардия проспектиси;
  • Ибраимов көчөсү;
  • Фрунзе көчөсү;
  • Токомбаев көчөсү;
  • Масалиев проспектиси;
  • Каралаев көчөсү;
  • Сухэ-Батор көчөсү;
  • Киев көчөсү;
  • Логвиненко көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Панфилов көчөсүнүн темир жолдон Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсүнүн Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Тоголок Молдо көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чоң Чүй каналга чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсү;
  • Москва көчөсү;
  • Бөкөнбаев көчөсү;
  • Эркиндик проспектисинин Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Тыналиев көчөсү;
  • Лермонтов көчөсү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү;
  • Бейшеналиева көчөсү;
  • Шопоков көчөсү;
  • Үсөнбаев көчөсү;
  • Раззаков көчөсү;
  • Исанов көчөсүнүн темир жолдон Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Тыныстанов көчөсү;
  • Калык Акиев көчөсү;
  • Үмөталиев көчөсү;
  • Садырбаев көчөсүнүн Толстой көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
  • Гагарин көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Шота Руставели көчөсүнүн Ахунбаевден Гагаринге чейинки бөлүгү;
  • Чортеков көчөсү;
  • Алыкулов көчөсү;
  • Ауэзов көчөсүнүн Шабдан баатыр проспектисинен Токмок көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Суеркулов көчөсү;
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев көчөсүнөн Жаш Гвардия проспектисине чейинки бөлүгүндө;
  • Нуркамал көчөсү;
  • Айтиев көчөсү;
  • Куттубаев көчөсү;
  • Профсоюз көчөсү.

Аталган мораторий мамлекеттик жана муниципалдык муктаждык үчүн газ, энергия, суу жана жылуулук жеткирүүдө колдонулбайт.

Мэрия калаа тургундарын өздөрү кызыккан суроолор боюнча муниципалитеттин жер ресурстары башкармалыгына (0312) 454113 телефону аркылуу кайрылса болорун эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0