Кара-Суу: 61 жаштагы кишини сүзүп качып кеткен айдоочу табылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кырсык болгондо коркуп кеткендиктен качып кеткендигин айтып берген.

ОШ, 4-апр. – Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында 61 жаштагы кишини жол четинен автоунаа менен кетип баратканда сүзүп алып, бирок из жашырып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя 29-март күнү саат 20.00дөр чамасында Ош шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун 14-чакырымында болгон. Жабыркаган киши Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон. Из жашырып кеткен айдоочу издөөгө алынганы маалым болгон. 

Смертельный автонаезд в селе Жылалды - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө унаа коюп кеткен 46 жаштагы киши мүрт кетти
Анын айтымында, кылмыштын бетин ачууда автоинспекторлорго райондогу Криминалдык милиция кызматкерлери көмөктөшкөн. Из жашырган айдоочу Кара-Суу районунун 52 жаштагы тургуну экендиги аныкталды.

Ал милицияга көрсөтмө берип жатып, Opel Vectra унаасы менен пенсионерди сүзүп алганда коркуп, шок абалында болгондуктан качып кеткендигин билдирген.

Кырсык боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды. Айдоочу убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми алдыңкы терезелери талкаланып кеткен унаасы айып короого токтотулду. Учурда кылмыш иши сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0