Чүйдөгү диний окуу жайлар текшерилип жатат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан адам. Архив
Куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда окуу жайлардын абалы, окутуу программасы, мугалимдердин жана окуучулардын тиешелүү документтери каралды.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Москва, Панфилов жана Жайыл райондорундагы диний окуу жайлар текшерүүгө алынып жатканын муфтият билдирди.

Производство мебели на фабрике Мебель мастер в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Медреседе окугандар эми эмерек да жасашат
Иш-чаранын максаты — аталган окуу жайлардын билим берүү сапатын, мекемелердин абалын аныктоо. Бул үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына муфтияттын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргашев жетектеген диний окуу жайлар бөлүмүнүн кызматкерлери, казынын орун басары, казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси жана райондун баш имам хатибдери кирди.

Маалыматта иш-чаранын аягында жалпы окуу жайларга баа берилип, айрымдары эскертүү алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0