ӨКМ: бул аптада үшүк жүрүп, суу капташы мүмкүн

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик беш облуста суу каптоо кооптуулугу бар экендигин айтты.

БИШКЕК, 3-апр.— Sputnik. Кыргызстандын тоолуу райондорунда 7-8-апрелде үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул аптада нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөрү айтылган.

Ала-Тоо аянтындагы парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
4-6-апрелде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чүй менен Таласта кыян жүрүшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы дарыялар нугунун чыгып, суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылууда. Андыктан ӨКМ арыктар менен каналдарды тазалоону эскертти.

7-8-апрелде Таластын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүктүн күчү 0…-3 градуска жетиши мүмкүн.

Мындай суук гүл ачкан абрикостор, жаңы гана бүчүр байлаган мөмө бактары үчүн кооптуу экени айтылды.

9-апрелде жаан-чачын болбойт. Ал эми 10-апрелде бир катар райондордо күн жаайт дешти. Аба улам өзгөрүп, бирде ысып, бирде сууп кетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0