Невролог Бабажанов: аутист балдар мамлекеттик мектепте окубаганы жакшы

Жазылуу
Бабажановдун айтымында, азыркы мектептер менен бала бакчанын шарттарында "өзгөчө" балдарга билим алуу оңой эмес.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Аутизм илдетине кабылган балдардын билим алуусундагы тоскоолдуктар жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин педиатрия адиси, балдар неврологу Нурмухамед Бабажанов түшүндүрүп берди.

Центр социальной реабилитации Турмалин - Sputnik Кыргызстан
Аутист балдардын ата-энелери КРге адистерди чакыруу үчүн каражат издеп жатат
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан "Үй-бүлөгө түшкөн сыноо. Кыргызстандагы аутист балдарга кантип жардам берсе болот?" аттуу тегерек столдо сөз болду.

Бабажановдун айтымында, азыркы мектептер менен бала бакчалардын шарттарында "өзгөчө" балдарга билим алуу оңой эмес.

"Мага мындай балдардын ата-энелери "балабызды мамлекеттик мектепке берсек болобу?" деген суроо менен кайрылганда, дароо "жок" деп жооп берем. Азыр мектептерде бир класста 30-50 бала окуйт. Мугалимдердин аутист балдар түгүл башкасы менен иштөөгө убактысы жетпейт. Мындай балдар кадимки мектепке барса чүнчүп кетет", — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда аутизм менен жабыркаган 20 миңден ашуун бала бар. Алар өзгөчөлүктөрүнөн улам билим берүү жаатында бир катар көйгөйлөргө туш болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0