Бишкектин бир катар аймактары жарыксыз калат. Тизме

Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Эртең, 2-апрелде, Бишкектин 58 көчөсүнүн бир бөлүгү жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00-18:00 — Киев, Фучик, Трудовой, Кум-Арык, Январь, Интергельпо, Кайназарова, Патрис Лумумба, Арзамас, Дагестан, Муромск, Кривоносов, Циелковский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Дэн Сяопин проспектиси жана Луцкий туюк көчөсү. Ушул эле учурда "Арча-Бешик" (Ак-Шыйрак, Бадахшан, Жоогазын, Жазыйра, Безымянная көчөлөрү) конушу менен Чоң-Арык (Самойленко, Мост көчөлөрү) айылы;
  • 09:30-14:00 — Москва, Гоголь, Сүйүмбаев, Бөкөнбаев, Осмонкул, Мечников, Күрөңкеев, Суворов көчөлөрүнүн бир бөлүгү жана Молдавский менен Балыкчы туюк көчөлөрү;
  • 09:30-17:00 — Абакан көчөсүнүн бир бөлүгү жана "Ала-Тоо" (Макмал, Бельназар, Улук-Тоо, Баш-Темир, Терек-Сай, Ара-Көл, Боз-Бөлтөк көчөлөрү) конушу;
  • 09:30-18:00 — Чүй проспектисиндеги №52 турак үй, Ломоносов, Репин, Алыбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Кулатов, Логвиненко, Ош, Энтузиаст көчөлөрү жана Оренбург туюк көчөсү;
  • 10:00-18:00 — "Алтын-Ордо", "Көк-Жар" (Арстанбап, Горький, Достоевский, Керемет, Кулмурзаев көчөлөрү) конуштары;
  • 13:00-18:00 — Великолукский, Крым, Аул жана Свобода көчөлөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0