Бишкектин айрым аймактары суусуз калат

© пресс-служба мэрии города БишкекНехватка питьевой воды в новостройках"Арча-Бешик" и "Ак-Ордо"
Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун токтотулушуна "Аэропорт" суу кампасындагы оңдоо иштери себеп болууда.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда 2-апрель күнү саат 9.00дөн 17.00гө чейин суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелдин алгачкы күнү кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт
"Аэропорт" суу кампасында оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу Чыңгыз Айтматов, Лев Толстой, Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта суу болбойт.

"Бишкек суу каналы" ишканасы башка учурда сууга байланыштуу көйгөй жаралса, төмөндөгү телефондорго байланышууну сунуштайт:

"Бишкек суу каналы" ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 0312 56-03-20;

турак үйлөрдүн ичиндеги суу түтүктөрү боюнча: 0312 54-42-45, 54-42-44;

сырткы түтүктөр боюнча заявкаларды "Шаардык суу түтүктөрү" ишканасы кабыл алат: 0312 44-95-97, 44-96-45.

Жаңылыктар түрмөгү
0