Акча үчүн 60 күн кыймылдабай керебетте жатууга даярлардын саны 1000ге чукулдады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭксперимент жүргүзүү. Архивдик сүрөт
Эксперимент жүргүзүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспериментке катышам дегендерге коюлган талаптардын бири англис тилин эркин билүү керек экендиги айтылды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. NASA жана Европалык космос агенттиги 18 миң долларга 60 күн керебетте турбай жатууга даяр кишилерди тандап, кабыл алууну баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта бул экспериментке катышам дегендердин саны 1000 адамга чукулдап калгандыгы айтылды.

"Кечээтен тарта бир түндүн ичинде эле 1300 адамдан катышам деген билдирүү түштү. Ага чейин да бир нече миң кишиден алганбыз. АКШ менен Улуу Британиядан талапкерлер көп. Катты мага эмес, сайтта көрсөтүлгөн электрондук дарекке жиберүү керектиги айтылса да, менин жеке өзүмө Индия менен Колумбиядан кат жазышыптыр", — деп айтып берген РИА Новостиге Немец аэрокосмостук борборунун (DLR) аэрокосмостук медициналык институтунун расмий өкүлү Фридерике Вютшер.

Астронавт-рекордсмен Пегги Уитсон - Sputnik Кыргызстан
Космостогу алгачкы аял командир пенсияга кетти
Ал экспериментке катышам дегендерге коюлган талаптардын бири англис тилин эркин билүү керек экендигин кошумчалаган.

Илимий тажрыйбага катышууга тандап алынган адам алгач 15 күн даярдыктан өтүшү керек. Андан соң 60 күн бою 100 окумуштуу салмаксыздык абалдын адамдын организимине тийгизген таасири боюнча ар кыл изилдөөлөрдү жүргүзөт. Соңунда 14 күндүк реабилитация каралган.

Тандалган 24 кишинин катарында болуу үчүн талапкер татаал сынактан өтөт, анкета толтурат. Кыйынчылык кырдаалга туруштук берип чыдай алабы, жокпу, бул жагы да каралып, психологиялык баа берилет. Вютшер мунун баары тандап алган киши иштин аягына чейин жетпестен изилдөөдөн чыгып кетпесин деген максатта жасаларын айтты.

"Экспериментке катышып жаткан киши каалаган учурда баш тартса болот. Бирок биз андай жагдай түзүлбөсүн деп алдын алып жатабыз. Андыктан даярдык учурунда катышуучулар тууралуу тереңирээк билгенге аракет кылабыз. Ал үчүн астронавттарды тандоого катышкан психологдордун командасы иштеп жатат. Мындан сырткары, долбоордун жүрүшүндө катышуучунун ден соолугуна байланыштуу маселе чыгып калса, анда анын долбоордон чыгышын биз өзүбүз сунуштайбыз", — деди Вютшер.

60 күн бою керебетте жаткандарга жакындары, туугандары менен көрүшүүгө болбойт, бирок телевизор, телефон менен интернетти колдонууга уруксат берилет.

"Эгерде катышуучулардын бош убактысы жана мүмкүнчүлүгү болсо, аларга башкалар катышуучулар менен жолугуу уюштуруу каралган. Чоң залга керебеттери менен сүйрөп барып, баарын бир жерге жайгаштырып, сүйлөшүп, пикир алышууга да мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.", — деген ал.

Вютшер бул изилдөө астронавттар үчүн гана жасалып жаткандыгын, ал эми эксперименттен өтүп жаткандарга бул космоско учууга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0