Аялым аябай семирип кетти, теңтуштардан уялам. Эркектин каты

© AFP / FRANCOIS GUILLOTТамактанып жаткан аял. Архив
Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында аялы өзүн карабай семирип кеткенине нааразы болгон эркектин каты жарыяланды.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты
Жубайым менен баш кошконума сегиз жылга ооду. Беш айга чукул сүйлөшүп бат эле үйлөнгөнбүз. Ортодо бир балабыз бар. Окуп дагы, иштеп дагы жетишип, өз аракетим менен үйлөнгөнгө чейин эле үйлүү болгом. Жашообуз кудайга шүгүр. Өзүм мамлекеттик кызматта иштейм. Келинчегим болсо үйдө эле. Кесиби боюнча мугалим, бирок бул кесип боюнча иштегиси келбейт.

Башкалар айта элек көйгөй менен психологго кат жазып жатам.

Айрымдарга чоң деле көйгөй катары сезилбеши мүмкүн. Бирок бул көп эле эркек үчүн маанилүү. Аялым акыркы күндөрү өзүн карабай таштап салды, семирип да кетти. Башында жакшынакай, арык чырай эле кыз болчу. Бара-бара салмак кошуп толгондон толуп эле баратат. Кыйналгыдай түйшүгү деле жок, бир эле балабыз бар. Өзүм 37 жаштамын, келинчегим эки жаш кичүү. Бирок менден беш-алты жаш улуу немедей көрүнүп калды. Теңтуштар же кесиптештер менен бир жакка чогуу баргандан тартынчу болдум. Башкалардын келинчектерин карасам чыкыйышат.

"Спорт залга бар, өзүңдү кара" деп канча жолу айттым. Башында көңүлдөнүп бара баштаган. Бирок орто жолдон таштап салды. Балким жумушка чыкса өзгөрөр деп ойлонуп көрдүм. Бирок "бизнес ачат элем, мугалим болбойм" деп отурат.

Үй оокаттарын эми шумдук кылат. Кээде үйдөгү кийимдери менен эле көчөгө чыгып кетет. Боенбойт, ачык түстөгү кийимдерди да кийбейт. Сурасам "жакпайт" дейт. Жонунан свитер, бутунан ботас түшпөйт. Күйөөсү алып бербейт экен деп айтпасын деп кээде барып кийимдерин кошо тандашам. Баары бир баягыларын эле кийип алат.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызымды кайра боорума кыскым келет. Чүрпөсүн тууганы багып алган келиндин каты
Мен деле жубайымдын жаркырап, супсулуу болуп жүрүшүн каалайм. Кээде жетелешип жаш кезди эстегиң келет. Бирок анте албайм, уялам. Өзүн эле карабагандан тышкары, мага да жасаган мамилеси салкын. Билбейм, балким башында мындайына маани бербечү белем же кийин эле ушундай болуп калдыбы, өзүм да түшүнбөй калдым. Эмнеден улам аял киши өзүн таштап салышы мүмкүн?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Бул жерде аялы жалкоолук же эркеликтен мындай кылышы мүмкүн эмес. Балким экөөнүн мамилеси солгундап кеткендир.

Мамиле эмнеден солгундап, аял кандай учурда өзүн карабай коюшу мүмкүн? Биринчиден, өзүн баалабай, "мен" деген позициясы жок болуп калганда. Күйөөсү "мен жакшы жумушта иштеп, үйдү мен салып, мен, мен" деп, аялын болсо "сен иштебейсиң, өзүңдү карабайсың" деп басынткан сайын ал өзүн таштай берет, карабай коет. Ал тургай өзүн күйөөсүнөн кем сезип, анын жанында басынат.

Көбүнчө эркектер "аялды материалдык жактан камсыз кылсам жетет" деп ойлошот. Бирок материалдык байлыктан да аялга башкысы эмоционалдык, моралдык колдоо керек. Алар жылуу мамиле, көңүл бурууну каалашат. "Сен сулуусуң, жакшы көрөм, бирок мындан да сулуу болушуңду каалайм" деген жакшы сөздөр менен алдап койсо, аял ачылып, аракет кыла баштайт.

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум "кыз эмес келгенсиң" деп кордук көрсөтчү болду. Жаш келиндин каты
"Семирип кеттиң, арыкта, карачы башкалардын аялдарын" деп кечке эле басынта берсе, жубайы деле өзүн карагысы келбей калат. Басынтып жатканыңыз өзүңүзгө билинбеши мүмкүн.

Өзүнө жаккан жумушта иштеп, акча таап баштаганда да аял киши эркек сыяктуу ишенимдүү болуп өзүн баалай баштайт. Ошондуктан мугалим болгусу келбесе, башка өзү жакшы көргөн жумушка киргизип көрсүн. Аялы психолог менен жеке отуруп сүйлөшкөндө да көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн.

Психологго кат жазган кишиге айтаарым, келинчегиңизди көтөрмөлөп, жакшы сөздү көбүрөөк айтышыңыз керек. Баарлашыңыз, кечке жумушта жүрүп анын эмне көйгөйү болуп жатканын билбей калышыңыз ыктымал. Ошондуктан баарлашуу, көп сүйлөшүү менен экөө бири-бирин ачат. Мен эле эмес, сен дагы кыйынсың, экөөбүз тең бирдейбиз деген позицияны карманышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0