Бишкек — Ош унаа жолу кайра жабылмай болду

© Фото / Александр ФедоровТөө ашуу. Архив
Төө ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолго чыгууну пландагандарга сапарды башка убакытка жылдыруу сунушталат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу бүгүн, 30-мартта, кайрадан жабылмай болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Эске салсак, аталган жол кечээ дагы жабылып, бүгүн саат 10:00дө ачылган.

"Бүгүн, 30-мартта, саат 18:00дө кар көчкү түшүү коркунучунан улам Бишкек — Ош унаа жолу жабылат", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге караганда, "Сосновка" посту менен Өтмөк ашуусу саат 18:00дөн 31-марттын саат 6:00үнө чейин жабык болот. Ал эми "Арал" посту бүгүн саат 19:00дөн 31-марттын саат 6:00үнө чейин жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0